Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Аялдарды камакта кармоонун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
1. Шектүү жана айыпталуучу аялдар камакта кармоочу жайларда шектүү жана айыпталуучу эркектерден бөлөк кармалат.
2. Шектүү жана айыпталуучу аялдар 3 жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу.
3. Кош бойлуу аялдар жана балдары менен бирге болгон аялдар үчүн жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттар түзүлөт, адистештирилген медициналык тейлөө уюштурулат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тамак-аш жана буюмдар менен камсыз кылуунун жогорулатылган ченемдери белгиленет.
4. Кош бойлуу аялдардын жана балдары менен бирге болгон аялдардын күн сайын сейилдөө узактыгын чектөөгө жол берилбейт.
5. Кош бойлуу жана балдары менен бирге болгон аялдарды жаза чарасы катары айып изоляторуна камаганга жол берилбейт.
6. Эгерде аял камакта кармоочу жайларда орнотулган тартипти 3төн көп жолу бузса же системалуу түрдө балага камкордук көрбөсө, камакта кармоочу жайдын администрациясы баланы туугандарына же башка адамдарга, же болбосо балдар мекемесине убактылуу берүү жөнүндө өтүнүч демилгелейт. Эгерде аялдын катышуусу менен ар башка шаарларда, жылдын суук мезгилдеринде, же болбосо башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте тергөө иштерин жүргүзүүгө туура келсе, мындай өтүнүч тергөө органдарынын демилгеси боюнча да берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-30" title="30-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>