Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Балдарды камакта кармоо
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
1. Камакта кармоочу жайлардагы ар башка жыныстагы шектүү жана айыпталуучу балдар бири-биринен жана улуулардан бөлөк кармалат. Аларга жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттары түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жогорулатылган тамак-аш ченемдери белгиленет.
2. Шектүү жана айыпталуучу балдарга күн сайын 2 сааттан кем эмес сейилдөө белгиленет. Сейилдөө учурунда шектүүлөргө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга, ал эми айыпталуучуларга дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга жана мүмкүн болушунча спорттук оюндарды ойногонго мүмкүнчүлүк берилет.
3. Айыпталуучу балдарга жалпы орто билим алууну улантуу жана билим алуу үчүн милдеттү түрдө шарттар түзүлөт. Билим берүү процессинин жыйынтыгында балдар мамлекеттик үлгүдөгү жалпы орто билим тууралуу документ (аттестат) алат. Тийиштүү шарттар болгон учурда телеберүүлөрдү көрсөтүү уюштурулат, спорттук оюндар үчүн жайлар, ошондой эле балдарга ачык спорттук аянтчалар жабдылат, маданий-тарбиялык иштер жүргүзүлөт.
4. Айыпталуучу балдарга окуу китептерин жана мектепте жазганга керектелүүчү буюмдарды алууга же аларды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга, ошондой эле берип жиберүүлөрдө жана аманат жиберүүлөрдө аларды чектөөсүз санда алууга уруксат берилет.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-31" title="31-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>