Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Жактоочу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
1. Алгачкы суракка алынган же иш жүзүндө кармалган учурдан тартып кылмыштарды жасоого шектелген жана айыпталган адамдарга жактоочу менен саны жана узактыгы чектелбеген жеке жолугушуулар берилет.
2. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери кылмыш ишинде камакта кармалган шектүүнүн, айыпталуучунун тарабында адвокаттын кылмыш ишине катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде шектүүлөргө, айыпталуучуларга алардын жактоочулары менен, алардын саны жана убакыттын узактыгы чектелбеген, кызматкер аларды көрө алган, бирок уга албаган шартта жекеме-жеке жолугушууларды беришет.
3. Кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө жана айыпталуучуларга туугандары жана башка адамдар менен айына экиден ашпаган, ар биринин узактыгы 3 саатка чейин созулган жолугушуу берилет.
4. Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуулар камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин контролу алдында жүргүзүлөт жана шектүүгө жана айыпталуучуга тыюу салынган буюмдарды, же болбосо кылмыш иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасалган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
5. Кылмыштарды жасоого шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-18" title="18-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>