Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына алименттик милдеттен мелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, „Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу“ Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 208
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.И.Икрамов, Н.Я.Алимжанова, Ч.И.Ажибаев, Д.А.Ашимова, Исатбек кызы А., А.А.Козуев, Ш.Мажитова, А.Т.Маткеримов, А.Т.Эрбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 208 тескемеси менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.И.Икрамов, Н.Я.Алимжанова, Ч.И.Ажибаев, Д.А.Ашимова, Исатбек кызы А., А.А.Козуев, Ш.Мажитова, А.Т.Маткеримов, А.Т.Эрбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары -Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КР КЖК) 178 жана 179-беренелерин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда.
Жаңы редакцияга ылайык, эгерде бул жосун бир нече жолу жана кайталанып жасалса, сот актынын же алименттик макулдашуунун негизинде ата-энелер, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар тарабынан алименттик милдеттенмелердин аткарылбашына же толук көлөмдө аткарылбашына карата Мыйзамдын долбоорунда каралган санкциялар колдонулат. КР КЖКнын 6-беренесинде жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары кылмыштын оордугуна, ошондой эле аны жасаган жагдайларга ылайык келүүгө тийиш деп айтылат. Ошондой эле КР КЖКга ылайык кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш деп таанылат. КР КЖКнын Өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу түрдө туура келген аракет же аракетсиздик жосун болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу жасалган кылмыштын коркунучтуулук даражасы боюнча иерархиянын жоктугуна байланыштуу кылмыш-жаза мыйзамдарынын санкцияларын катаалдаштырууну колдонуунун натыйжалуулугу маселеси келип чыгат. КР КЖКнын 9-беренесинде кылмыш жасаган адамга сот түзөтүү, кайра социалдаштыруу жана жаңы кылмыштарды жасашын алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында зарыл жана жетиштүү жазаны дайындайт деп белгиленген. КР КЖКга анда каралган жосундардын жазасын жана башка кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин негизсиз оордоткон өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн эмес. Алименттик (акчалай) милдеттенмени аткарбаган карызкорго кайталап айып салуу жолу менен жарандын (өндүрүп алуучунун) бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүү мүмкүн эмес, айыпты өндүрүп алуу чарасын колдонуу максатка ылайыксыз. Алименттик милдеттенмелерин аткарбаган ата-энени же эмгекке жарамдуу курактагы баланы коомдон бөлөк убактылуу камакта кармоо натыйжалуу жыйынтыкка алып келбейт. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын сот актысынын же алименттик макулдашуунун негизинде алименттик милдеттенмелерди аткарбоосу же толук эмес аткаруусу 800дөн 1200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же атайын, аскердик, ардактуу наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу менен бир жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп сунушталгандыгы көрсөтүлгөн. КР КЖКнын 60-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кызматтык абалын же кызматтык абал менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасалган учурда сот тарабынан кошумча жаза катары атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу колдонулушу мүмкүн. Бул жерде алимент төлөбөгөндүгү үчүн жазанын кошумча түрү көрсөтүлбөгөндүгүн белгилейбиз. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде эгерде алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат деп көрсөтүлгөн. Бирок атайын, аскердик, ардактуу наамды, дипломатиялык рангды же класстык ченди калыбына келтирүү жол-жобосу кандайча жүргүзүлөрү белгисиз бойдон калууда. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР КЖКда рецидивизм институту жок экендигин эске алып, КР КЖКнын 178 жана 179-беренелерин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "178-берене. Сот актынын же алименттик макулдашуунун негизинде ата-энелер тарабынан алименттик милдеттенмелерди аткарбоо же толук эмес аткаруу Сот актынын же алименттик макулдашуунун негизинде ата-энелер тарабынан алименттик милдеттенмелерди аткарбоо (жалпысынан үч ай) же толук эмес аткаруу
- кырк сааттан жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же тогуз айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эгерде алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат. Эскертүү: Ушул берене боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылгандан кийин келип чыгат. 179-берене. Жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар тарабынан сот актынын же алименттик макулдашуунун негизинде алименттик милдеттенмелерди аткарбоо же толук эмес аткаруу Жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар тарабынан сот актынын же алименттик макулдашуунун негизинде алименттик милдеттенмелерди аткарбоо (жалпысынан үч ай) же толук эмес аткаруу
- кырк сааттан жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же тогуз айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эгерде алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат. Эскертүү: Ушул берене боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылгандан кийин келип чыгат.". Мындан тышкары маалымат үчүн төмөнкүлөрдү белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Бул мыйзамдын долбоорунда КР КЖКнын 178-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тактап айтканда, алиментти төлөбөгөн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт. Бүгүнкү күндө бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 204-статьясынын 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толуктоо сунушталууда: "социалдык стационардык мекеменин администрациясынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жарандарга алимент өндүрүү боюнча доо коюуда алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишеним каттар.".
Мыйзамдын долбоорунун сунушталган 4-беренесине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 204-статьясынын 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толуктоону сунуштайбыз: "социалдык стационардык мекеменин администрациясынын же калкты коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жарандарга алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылуу боюнча алардын кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн ишеним каттары.".
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
1) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 46-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 443-1-берене менен толукталсын:
"443-1-берене. Балдарды же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөө
1. Ата-энелердин жашы жете элек балдарын же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж жашы жеткен балдарын багууга каражаттарды сот актысын же алименттик макулдашууну бузуу менен төлөбөсү
- 40тан 100 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу же 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет
2. Эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды сот актысын же алименттик макулдашууну бузуу менен төлөбөөсү
- 40тан 100 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Эгерде алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат.
Эскертүү: Алимент төлөө боюнча сот актысын же алименттик макулдашууну ата-энелер же бойго жеткен эмгекке жарамдуу балдар тарабынан толук эмес көлөмдө (үч ай чогуу) аткарбоо же аткарбоо деп таанылат.";
2) 454-берене 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) ушул Кодекстин 443-1-беренеси менен укук бузуу жөнүндө протоколдор аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт.". Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 31-беренесине ылайык өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон ушул Кодекстин 149, 372-1 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң кеп өлчөмү белгиленген, ал 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 30-беренесинде коомдук иштерге тартуунун мүмкүн болгон мөөнөттөрү 8 сааттан 40 саатка чейин, ал эми он алтыдан он сегиз жашка чейинки балдарга 4 сааттан 20 саатка чейин белгиленген. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 106-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык алимент төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга, бузууга жана жараксыз деп табууга карата жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүнү, аткарууну, бузууну жана жараксыз деп табууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 120-статьясынын 1-бөлүгүндө алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, күнөөлүү адам ошол макулдашууда каралган тартипте жоопкерчилик тартат деп каралган. Баяндалгандардын негизинде 46-главаны төмөнкүдөй мазмундагы 443-1-берене менен толуктоону сунуштайбыз: "443-1-берене. Балдарын же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энелерин багууга каражаттарды төлөбөө
1. Ата-эне тарабынан сот актыны же алименттик макулдашууну бузуу менен жашы жете элек балдарын, жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарын багууга каражаттарды төлөнбөө
- үч суткадан жети суткага чейин мөөнөткө камакка алууга же болбосо ушул Кодекске ылайык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болбогон адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 70 өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар тарабынан сот актыны же алименттик макулдашууну бузуу менен эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энелерин багууга каражаттарды төлөбөө
- үч суткадан жети суткага чейин мөөнөткө камакка алууга же болбосо ушул Кодекске ылайык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болбогон адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 70 өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Эгерде алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат.
Эскертүү. Алимент төлөө боюнча сот актыны же алименттик макулдашууну ата-энелери же жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдары тарабынан аткарбоо (жалпысынан үч ай) же толук эмес көлөмдө аткаруу төлөбөө деп таанылат."; 454-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту менен толуктоо боюнча сын пикирлер жана сунуштар жок.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 92-статьясынын экинчи бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толуктоо сунушталууда: "Социалдык стационардык мекемелердин администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары толугу менен өзүн-өзү камсыздоодо калган, эмгекке жөндөмсүз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелер үчүн алименттерди өндүрүп алууга сотко кайрылууга милдетүү.".
Мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик тилдеги версиясы мааниси боюнча расмий тилдеги версиясы менен дал келбей тургандыгын белгилей кетүү керек. Мамлекеттик тилде социалдык стационардык мекеменин администрациясы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сотко кайрылууга милдеттүү, расмий тилде аларга сотко кайрылуу укугу берилет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесине ылайык ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет. Ар бир адам мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 4-беренесине ылайык кайсы болбосун кызыкдар жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз болот. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бөлөк органдар мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана улгайган жарандарды колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 92-статьясынын 2-бөлүгүнүн төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз: "Социалдык стационардык мекеменин администрациясы, калкты коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон, толук мамлекеттик камсыздоодо же өзүн-өзү камсыздоодо калган ата-энелери үчүн жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл жардамдарды көрсөтөт.".
5. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренесинин 6-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталууда:
"6. Эгерде карызкор алимент төлөө жөнүндө сот актысын же алименттик келишимди аткарбаса же толук аткарбаса (жалпысынан үч ай), сот аткаруучу протокол түзөт жана Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексине ылайык сотко жөнөтөт.". Мыйзамдын долбоорунун бул беренесин мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "6. Карызкор тарабынан алимент төлөө боюнча сот акты же алименттик макулдашуу аткарылбаса (жалпысынан үч ай) же толук эмес аткарылса, соттук аткаруучу протокол түзөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык сотко жиберет.". Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38-пунктуна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, эгерде ченемдик укуктук акт коомдук талкууга коюлууга тийиш болсо, мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында коомдук талкууга коюлган дата жөнүндө, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар, алардын эске алынбагандыгынын себептеринин негиздемеси камтылууга тийиш. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (9)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14