7-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик укуктук жөнгө салуу
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик укуктук жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
3) потенциалдуу коркунучтуу биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөөгө багытталган жана тиешелүү учурларда ал үчүн жазаны караштырган чараларды эске алуу менен биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү токтотуу;
4) биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын жана генетикалык модификацияланган организмдерди чек ара аркылуу алып өтүүнү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;
5) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү жана бирдейлештирүү.
2. Бардык патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жактар тарабынан гана өндүрүлөт, кайра иштетилет, өткөрүп берилет, колдонулат, сакталат, жок кылынат, экспорттолот (импорттолот).
Аталган юридикалык жактар патогендүү биологиялык агенттердин жана заманбап биотехнология азыктарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чарларды көрөт. Юридикалык жактардын биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн критерийлери, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерде болгон биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын коркунучтуулук категориясын эске алуу менен алардын физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 548 "Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын…Постановление · 02.09.2025 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 354 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз…Постановление · 20.05.2026 · № 354
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 527 "Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин жана биологиялык…Постановление · 07.08.2026 · № 527
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>