8-берене. Патогендүү биологиялык агенттердин кооптуулук топторун аныктоо
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Ушул Мыйзам менен регламенттелүүчү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууда келип чыгуучу, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч даражасына жараша жабык тутумдар үчүн патогендүү биологиялык агенттердин кооптуулугунун төмөнкүдөй топтору белгиленет:
1) I топ - өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды жайылтууга жөндөмдүү болгон микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган жогору тобокелдиктеги ишке ылайык келет;
2) II топ - инфекцияларды жугузууга потенциалдуу жөндөмдүү болгон микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган орточо тобокелдиктеги ишке ылайык келет;
3) III топ - шарттуу патогендүү микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган төмөн тобокелдиктеги ишке ылайык келет;
4) IV топ - патогендүү эмес микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган бир аз тобокелдиктеги же тобокелдиги жок ишке ылайык келет.
2. Лабораториялык изилдөөлөрдүн чегинен чыккан көлөмдө жабык тутумдарда. ошондой эле жабык эмес тутумдарда микроорганизмдер менен жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү тобокелдиктин I жана II топторуна кирет.
3. Патогендүү биологиялык агенттерди кооптуулук топтору боюнча бөлүштүрүү менен алардын тизмелери (тизмектери), ошондой эле ар бир топтогу патогендүү биологиялык агенттерге карата контролдоо чараларын жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам алдындагы ченемдик укуктук документтер менен белгиленет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>