6-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
1) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын, анын ичинде илимий-изилдөө максатында өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, пайдаланууну, сактоону, ташууну, сатууну, сатып алууну укуктук жөнгө салуу жана контролдоо;
2) коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык калкты жана айлана-чөйрөнү патогендүү биологиялык агенттерден жана заманбап биотехнология азыктарынан коргоо;
3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо;
4) экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесине мониторингди жана актуалдаштырууну жүргүзүү;
5) биологиялык коопсуздук коркунучу келип чыккан учурда калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооп кайтаруу чараларын көрүү;
6) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде калктын кабардар болушунун деңгээлин жогорулатуу.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>