Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратениясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы N 737 токтомуна)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу СТРАТЕГИЯСЫ Жалпы жоболор
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Долбоордун аталышы:
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясы
Ишке ашыруу башталган дата:
2025-жылдын 1-январы
Ишке ашыруу аяктаган дата:
2030-жылдын 31-декабры
Узактыгы:
72 ай
Географиялык камтуу:
Кыргыз Республикасы
Стратегиялык максаттар:
№ 1. Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу
№ 2. Чек арага жакын райондордо коомдук коопсуздукту камсыз кылуу
№ 3. Эл аралык кызматташтык
№ 4. Институттук өнүгүү
Стратегия Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугу жаатында Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруунун максаттарына, принциптерине, милдеттерине жана артыкчылыктуу багыттарына расмий түрдө кабыл алынган көз караштардын системасын билдирет. Стратегия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын башкаруунун интеграцияланган моделин киргизүүгө жана иштетүүгө карата мамилелердин бирдейлигин камсыз кылуу жолу менен чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган. Стратегия Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздукту камсыз кылууну регламенттеген башка ченемдик укуктук актыларга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иштелип чыккан. Стратегияны иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 183 токтому менен бекитилген 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын (мындан ары - МЧКБ стратегиясы) ишке ашыруунун натыйжалары боюнча маалыматтарды кылдат изилдөөнүн, чогултуунун, жалпылоонун жана талдоонун негизинде жүзөгө ашырылган. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик чек арадан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүүсүн, жүктөрдү жана башка мүлктү алып өтүүнү контролдоо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жүктөлөт:
- чек ара жана миграциялык контроль - мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасында бажы жана транспорттук контроль - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- санитардык-карантиндик контроль - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- ветеринардык контроль - ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- фитосанитардык контроль - фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо - ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
Ушуга байланыштуу Стратегияда 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык 2025-жылдан тартып 2030-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуунун алкагында иштин келечектүү масштабдары жана багыты баяндалган. Мындан тышкары Стратегия чек ара коопсуздугун сактоо проблемаларына бирдиктүү көз карашты түзүүгө, анын башкаруу системасындагы кыйла олуттуу коркунучтарды жана начар жерлерин аныктоого, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу жана коркунучтардын таасиринин кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ресурстарды аныктоого багытталган. Стратегия өз ишин мамлекеттик чек арада жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган техникалык жана башка жардамдын макулдашылган пакетин берүү, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө анын ар тараптуу потенциалын жогорулатуу аркылуу артыкчылыктуу натыйжаларга жетүү үчүн чектерин сыпаттайт. Стратегияда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздукка чакырык - Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндигинде коркунучтун келип чыгышынын баштапкы баскычы; мамлекеттик чек араны делимитациялоо - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин ортосундагы мамлекеттик чек араны анын өтүшүнүн толук сыпаттамасын түзүү менен карталар боюнча келишимдик аныктоо; чек араны демаркациялоо - мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүзөгө ашырылуучу жерде мамлекеттик чек ара линиясын так аныктоо жана чек ара белгилери менен белгилөө; чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу - чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында башка мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдарынын (эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде) персоналын, технологиясын, күчүн жана каражаттарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин макулдашуу жана күч-аракеттерин координациялоо; улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү таламдарын тышкы жана ички коркунучтардан коргоонун кепилденген абалы; мамлекеттик чек араны абаттоо - мамлекеттик чек аранын инфраструктурасынын иштөө шарттарын түзүүгө багытталган иш-чаралардын системасы; чек ара саясатынын объекттери - чек ара мейкиндигиндеги улуттук кызыкчылыктар, чек ара маселелери боюнча мамлекеттер аралык жана ички коомдук мамилелер, ошондой эле укуктук жана башка мамлекеттик жөнгө салууга муктаждык жараткан, алардан келип чыккан карама-каршылыктар; чек ара коопсуздугу - чек ара мейкиндигинде ички жана тышкы коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын корголуу абалын билдирген улуттук коопсуздуктун курамдык бөлүгү; чек ара иши - мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдарынын, коомдук бирикмелеринин жана жарандарынын жүргүзгөн иши (чаралар системасы); чек ара саясаты - чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координацияланган, макулдашылган иши; Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндиги - мамлекеттик чек ара жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин чегинде ага туташ жайгашкан аймак, ошондой эле чектеринде чек ара иши жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын аймагы. Тарых, негиздеме жана проблематика 2007-жылы Вена (Австрия) шаарында Чек аралардын коопсуздугу боюнча Борбордук Азиянын демилгеси конференциясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араларды комплекстүү (интеграциялык) башкаруунун улуттук системасын өнүктүрүү боюнча ниети жарыяланган. Андан ары кыргыз тарап МЧКБ стратегиясын киргизүүнүн деталдуу механизмин иштеп чыккан, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругу менен түзүлгөн МЧКБ стратегиясын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) иши аркылуу жалпысынан Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө жана натыйжалуулугуна түздөн-түз контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырган. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы МЧКБ стратегиясын түзүү жана киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырууда улуттук координациялоочу орган катары чек ара коопсуздугун камсыз кылуу субъекттери болуп саналган Кыргыз Республикасынын 12 министрлиги менен ведомствосунун биргелешкен ишин уюштуруу менен иш алып барган. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын демилгеси боюнча 2012-жылдын 20-ноябрында эл аралык конференция уюштурулган жана өткөрүлгөн, анын алкагында дипломатиялык корпустун, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык жана региондук уюмдардын өкүлдөрүнө МЧКБ стратегиясы сунушталган. Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча конференциянын катышуучулары тарабынан чек араларды кайтаруу маселесинде Кыргыз Республикасынын жасаган кадамдарынын маанилүүлүгү, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөө жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген жыйынтыктоочу декларация кабыл алынган. Мында МЧКБ стратегиясын ишке ашырууну каржылоонун негизги көздөмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу министрликтери жана ведомстволору үчүн ар жылдык негизде каралган өлчөмдө республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылган. Мамлекеттик бюджеттин финансылык каражаттарынан тышкары эл аралык институттардын ичинен донорлордун колдоосундагы гранттык жана кайтарымсыз негизде тышкы каржылоо булактары тартылган. Өз кезегинде МЧКБ стратегиясын ишке ашырууну баалоо тышкы эксперттик колдоо менен кызматташтыкта жүргүзүлгөн, анын натыйжалары кырдаалдын жана реалдуулуктун динамикалык өнүгүшүнө ылайык МЧКБ стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын өз убагында оңдоолордун жүрүшүндө эске алынган. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасынын (мындан ары - ВОМСА программасы) эксперттерин тартуу менен МЧКБ стратегиясынын иш-аракеттер планын ишке ашыруунун натыйжалуулугу бааланган. МЧКБ стратегиясы күчүнө киргенден баштап Ведомстволор аралык комиссиянын 14 жыйыны, Улуттук координациялык борбордун 78 жыйыны уюштурулган жана өткөрүлгөн. Мында МЧКБ стратегиясын түзүү жана киргизүү механизминин практикалык түзүүчүсү 2012-жылдан тартып 2022-жылды кошуп алган мезгилде МЧКБ стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - МЧКБ стратегиясынын планы) менен аныкталган. Көрсөтүлгөн МЧКБ стратегиясынын планына ылайык Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматын өнүктүрүүдө негизги багыттар аныкталды, алар: чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу органдарды түзүү жана өнүктүрүү; кадрларды даярдоо жана чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү, материалдык-техникалык жактан жабдуулоо, ошондой эле бардык МЧКБ стратегиясынын иштеши боюнча чараларды көрүү. Бекитилген МЧКБ стратегиясынын планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир мамлекеттик бийлик органы үчүн төрт негизги артыкчылык боюнча конкреттүү иш-чаралар аныкталган, атап айтканда:
№
Сыпаттамасы
№ 1 артыкчылык
МЧКБ стратегиясынын натыйжалуу иштешинин кызыкчылыгында комплекстүү ченемдик укуктук базаны түзүү жана өркүндөтүү
№ 2 артыкчылык
МЧКБ стратегиясын иштетүүнүн заманбап методдорун жана ыкмаларын киргизүү жана өркүндөтүү
№ 3 артыкчылык
Кадрларды окутуунун, даярдоонун жана кайра даярдоонун бирдиктүү системасын, кесиптик өсүү, иштөө жана кызмат кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
№ 4 артыкчылык
МЧКБ стратегиясынын натыйжалуу интеграцияланган инфраструктурасын түзүү
МЧКБ стратегиясынын планын практикалык ишке ашыруунун натыйжасында 2012-жылдан тартып 2022-жылды кошуп алган мезгилде пландалган 196 иш-чаранын ичинен, бардыгы болуп 160 (пландалган иш-чаралардын жалпы көлөмүнүн 81,6%) ишке ашырылган. Ошону менен бирге бюджеттик каржылоонун жетишсиздиги, ошондой эле МЧКБ стратегиясын ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн аякташы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өтүү линиясын эл аралык укуктук тариздөө толук бүтпөгөндүгүнө байланышкан башка себептер менен мурда пландалган 36 иш-чара ишке ашырылбай калган.
№
Пландалган иш-чаралардын жалпы саны
Ишке ашырылган иш-чаралардын саны
Ишке ашырылбаган иш-чаралардын саны
№ 1 артыкчылык
61
59
2
№ 2 артыкчылык
8
8
-
№ 3 артыкчылык
11
11
-
№ 4 артыкчылык
116
82
34
Бардыгы:
196
160
36
Кыргыз Республикасынын аймагында МЧКБ стратегиясын практикалык имплементациялоодо Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы 20 жыл бою өз ара ийгиликтүү иштешип келе жаткан ВОМСА программасы баа жеткис салым кошту. Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын потенциалын жогорулатууга багытталган бир катар комплекстүү иш-чаралар (МЧКБ стратегиясынын планына ылайык) жүргүзүлдү. Мында 2012-жылдан тартып 2022-жылды кошуп алган мезгилде чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын негизги жетишкендиктери болуп төмөнкүлөр саналат:
- чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны түзүү жана кеңейтүү;
- Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттер аралык жол-жоболорду аяктоо;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу күчтөрүн жана каражаттарын башкаруунун туруктуу системасын түзүү;
- чек араны кайтаруунун заманбап техникалык каражаттарын чек ара ишинин практикасына киргизүү;
- мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү системаларын техникалык жактан өнүктүрүү, мамлекеттик чек ара аркылуу аба, автомобиль жана темир жол өткөрүү пункттарын ачуу, "бирдиктүү терезе" принцибин жайылтуу аркылуу өткөрүү пункттарында тышкы экономикалык иштин шарттарын жакшыртуу;
- Кыргыз Республикасына/Кыргыз Республикасынан адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун контролдоо боюнча тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын ишке киргизүү жана ийгиликтүү иштетүү;
- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө мыйзам менен тыюу салынган башка жүктөрдү мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында чек аралык өз ара аракеттенүү офистерин түзүү;
- чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздуктун коркунучтарынын мүнөзүнө ылайык чек ара коопсуздугун камсыз кылуу субъекттеринин түзүмүн, курамын жана санын оптималдаштыруу боюнча иш-чараларды бардык жерде өткөрүү;
- мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларын (кызматкерлерин) жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо, анын ичинде аларга мамлекеттик турак жайларды берүү, акчалай үлүштөрдүн жана башка социалдык төлөмдөрдүн деңгээлин жогорулатуу боюнча системаларын өркүндөтүү.
Чек ара коопсуздугунун учурдагы абалы Чек ара мейкиндигинде учурдагы кырдаалды баалоонун натыйжалары чек ара коопсуздугун камсыз кылуу системасынын иштешинин натыйжалуулугуна таасир этүүчү негизги факторлордун бар экендигин күбөлөндүрүп турат, атап айтканда:
1) чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны эл аралык укуктук тариздөөнүн аягына чыкпагандыгы;
2) мамлекеттик чек аранын айрым участокторунун жетишсиз деңгээлде абатталышы жана техникалык жабдылышы;
3) чек арага жакын райондордогу кылмыштуулук кырдаалга терс таасир тийгизген факторлордун болушу;
4) эмгекке жөндөмдүү калктын ыңгайлуу региондорго миграциясы, мамлекеттик чек ара аркылуу укукка каршы ишке чек арага жакын райондордун жергиликтүү калкынын тартылышы, ошондой эле алардын чек араны кайтарууга катышуу боюнча кызыгуусунун төмөндөшү;
5) чек ара коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө коррупциялык тобокелдиктердин болушу.
Аталган факторлор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдары жаатында укук бузууларды жасоо үчүн белгилүү бир шарттарды түзөт, ошондой эле аны кайтаруу боюнча ишке тоскоолдук жаратат. Көрсөтүлгөн факторлор чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздукка коркунучтарды көрсөтүп турат, алар таасир берген багытына жараша тышкы да жана ички да болушу мүмкүн. Мында чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздуктун тышкы коркунучтарына төмөнкүлөрдү кошуу максатка ылайыктуу:
1) мамлекеттик чек аранын өтүү жана Кыргыз Республикасына аймактык дооматтарды коюу маселелери боюнча мамлекеттер аралык карама-каршылыктардын, анын ичинде аскердик агрессияны көрсөтүү аркылуу келип чыгышы;
2) мамлекеттик чек арага жакын жерде чектеш тараптын аскердик түзүлүштөрдү топтошу жана аскердик инфраструктурасын өнүктүрүүсү, ошондой эле мамлекеттик чек арада куралдуу көкүтүүлөрдүн пайда болушу;
3) Кыргыз Республикасынын айрым чек арага жакын райондорунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган эл аралык террордук уюмдардын укукка каршы иши;
4) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып келүү;
5) кырдаалды туруксуздаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын чек арага жакын райондорунда калкка терс маалыматтык таасир;
6) чектеш мамлекеттин аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусунун натыйжасында чектеш мамлекеттердин жарандарынын, анын ичинде качкын статусун алуу максатында массалык түрдө өтүшүнүн потенциалдуу тобокелдиктери.
Өз кезегинде чек ара мейкиндигинде улуттук коопсуздуктун ички коркунучтарына төмөнкүлөрдү кошуу максатка ылайыктуу:
1) Кыргыз Республикасынын чек арага жакын райондорунда саясий жана диний экстремизмди, улуттук, расалык жана конфессиялык сабырсыздыкты күчөтүү;
2) чек арага жакын аймактардын маалыматтык-коммуникациялык технологияларынын салыштырмалуу начар өнүгүшү жана маалымат мейкиндигинин корголушу;
3) көчүп келген өлкөсү менен туруктуу байланышы бар чектеш мамлекеттерден мажбурланып көчүрүлгөндөрдүн жабык коомчулуктарын (жердештер уюмдарын) түзүү;
4) чек ара мейкиндигинде улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон башка трансчек аралык мүнөздөгү процесстер жана алардын кесепеттери.
Көрсөтүлгөн тышкы жана ички коркунучтар фактыларынын болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын учурдагы абалы жана өнүгүшү аймактык бүтүндүккө, мамлекеттин туруктуулугун жана коопсуздугун, ошондой эле анын турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын сактоого терс таасирин тийгизген коркунучтардын масштабдуу, көп факторлуу системасынын калыптанышына алып келди. Жогоруда баяндалгандарды, ошондой эле 2022-жылы МЧКБ стратегиясын ишке ашыруунун мөөнөтүнүн аякташын эске алуу менен, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түздөн-түз жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдында 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясынын саясий, аскердик, экономикалык, гуманитардык, экологиялык жана башка кызыкчылыктарын комплекстүү коргоонун жаңы системасын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун объективдүү зарылчылыгы келип чыкты.
Стратегиянын максаты
Ушул Стратегиянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын чек ара мейкиндигинде тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын комплекстүү ишине жетишүү жолу менен ишке ашыруудан турат.
Стратегиянын негизги принциптери
Стратегия чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жаатында орто мөөнөттөгү келечектеги жогоруда аталган Улуттук коопсуздук концепциясында белгиленген чечимдерди деталдаштырат. Ушуга байланыштуу Стратегияда көрсөтүлгөн максаттар жана милдеттер институттук (ведомстволук) өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аткаруусу үчүн милдеттүү. Ошондуктан ушул Стратегиянын максаттары жана милдеттери аларды ишке ашыруунун деңгээлине чейин эске алынууга жана деталдаштырылууга тийиш.
Стратегиялык максаттар жана милдеттер
Акыркы максатка жетүү үчүн Стратегиянын алкагында ишке ашыруу сунушталган төмөнкү стратегиялык максаттарга ылайык бир катар милдеттерди аткаруу зарыл:
1. Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу.
Аталган стратегиянын максаттарын ишке ашырууда негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тышкы жана ички коркунучтардын пайда болуу тобокелдиктерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын аярлуу жактарын төмөндөтүү аркылуу чек ара коопсуздугунун тийиштүү деңгээлин колдоо;
2) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында тобокелдиктерди башкаруунун улуттук системасын өнүктүрүү жана ишке киргизүү;
3) чек ара, бажы, иммиграция, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контроль системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
4) мамлекеттик чек аранын оптималдуу режимин белгилөө;
5) коңшу мамлекеттер менен чек ара мамилелерин өнүктүрүү;
6) чек ара коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу жаатында алдынкы технологияларды ишке киргизүү жана колдонуу.
2. Чек арага жакын аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.
Бул стратегиялык максатты ишке ашырууда негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чек арага жакын райондордо мыйзамсыз иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
2) коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында укук бузуулардын алдын алуу жаатында заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды ишке киргизүү;
3) чек арага жакын райондордо мыйзамсыз иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде санариптик контроль жана өз ара аракеттенүү системаларын интеграциялоо;
4) калкты тейлөөнү камсыз кылуу жана алдынкы технологияларды колдонуу менен укук бузуулардын алдын алуу жаатында потенциалды күчөтүү.
3. Эл аралык кызматташуу.
Бул стратегиялык максатты ишке ашырууда негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) глобалдык жана аймактык демилгелер аркылуу транс чек аралык кылмыштуулуктун укукка каршы көрүнүштөрүн алдын алуунун жана бөгөт коюунун алкагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү;
2) чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында натыйжалуу миграциялык саясатты жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуунун алкагында эл аралык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү;
5) эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, чек аралардын кол тийбестигин жана тең укуктуулукту өз ара урматтоо принциптеринде ак ниет коңшулаштыкты чыңдоо, ошондой эле чектеш мамлекеттер менен чек арага жакын райондордогу өз ара ишеним чаралары.
4. Институттук өнүгүү.
Бул стратегиялык максатты ишке ашырууда негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) оптималдаштыруу (анын ичинде ыйгарым укуктарды/функцияларды берүү), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иш процесстерин автоматташтыруу;
2) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу;
3) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын иш-аракеттерин оптималдаштыруунун эсебинен мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымын көбөйтүүгө көмөктөшүү;
4) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын инфратүзүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын түзүмүндө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү.
Күтүлгөн жыйынтыктар Стратегияны практикалык түрдө ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
1) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугунун коркунучунун жогоруда көрсөтүлгөн толук спектрине жана масштабына чек ара коопсуздугун камсыздоо системасын шайкеш келтирүүнү жүзөгө ашырууга;
2) жалпы күч-аракетти интеграциялоо жана бириктирүү жагынан чек аралык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын өнүктүрүүнүн пландалган жана ырааттуу багыттарын аныктоого;
3) эки тараптуу, аймактык жана көп тараптуу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун эсебинен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын потенциалын бекемдөөгө;
4) болжолдуу биргелешкен демилгелердин алкагында альтернативдик каржылоо булактарын белгилөөгө;
5) чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө.
Стратегияны ишке ашыруу бюджети Стратегияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген эл аралык жана региондук уюмдардын ичинен потенциалдуу стратегиялык (негизги) өнөктөштөрдөн каржылоонун тышкы булактарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына ар жылдык негизде мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды тартуу жолу менен каралат. Стратегияны ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо Стратегияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ишинин мониторингинин жана баалоонун артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тышкы жана ички коркунучтардын пайда болуу тобокелин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын аярлуулугун төмөндөтүү аркылуу чек ара коопсуздугунун тийиштүү деңгээлин сактоо;
2) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында тобокелдиктерди башкаруунун улуттук системасын ишке киргизүү;
3) чек ара, бажы, иммиграция, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контроль системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү даражасы;
4) пайда болгон кризистик кырдаалдарга адекваттуу жооп кайтаруунун алкагында маалыматтык-коммуникациялык системаларды чыңдоо, ошондой эле маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун жана ведомстволор аралык алмашуунун бирдиктүү механизмин түзүү;
5) чек арага жакын райондордо укукка каршы иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
6) коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды ишке киргизүү;
7) чек арага жакын райондордо укукка каршы иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде санариптик контроль жана өз ара аракеттенүү системаларын интеграциялоо;
8) калкты тейлөөнү камсыз кылуу жана алдынкы технологияларды колдонуу менен укук бузуунун алдын алуу жаатында потенциалды күчөтүү;
9) глобалдык жана аймактык демилгелер аркылуу транс чек аралык кылмыштуулуктун укукка каршы көрүнүштөрүн алдын алуунун жана бөгөт коюунун алкагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү;
10) чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
11) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында натыйжалуу миграциялык саясатты жүргүзүү;
12) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуунун алкагында эл аралык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү;
13) эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, чек аралардын кол тийбестигин жана тең укуктуулукту өз ара урматтоо принциптеринде ак ниет коңшулаштыкты чыңдоо, ошондой эле чектеш мамлекеттер менен чек арага жакын райондордогу өз ара ишеним чаралары;
14) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын иш-аракеттерин оптималдаштыруунун эсебинен мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымын көбөйтүүгө көмөктөшүү;
15) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын түзүмүндө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү;
16) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын инфратүзүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
17) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иш процесстерин оптималдаштыруу (анын ичинде ыйгарым укуктарды/функцияларды берүү), ошондой эле автоматташтыруу;
18) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 570 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2021 · № 570
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабры № 737 "!2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын жана…Постановление · 06.12.2024 · № 737
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №183 "2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн…Постановление · 16.03.2012 · № 183 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б (Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү…Распоряжение · 02.08.2011 · № 326-р · Күчүн жоготкон