Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 570 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 20-декабры ПЖ № 570 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында, «Улуттук коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору жөнүндө» чечимине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы (мындан ары – Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенип, Концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, министерликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
— практикалык иште жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгууда Концепциянын жоболорун жетекчиликке алсын;
— Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын министерликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары эки айлык мөөнөттө тиешелүү чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун максаттуу индикаторлорун аныктоо менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык, региондук жана ведомстволук программаларын (доктриналарды, концепцияларды, пландарды) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен макулдашуу боюнча аларды бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Концепциянын жоболорунун жана иштелип чыккан программалардын ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координацияласын жана мониторинг жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Решение Конституционного Суда КР от 29 июня 2022 года (По делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 87 Налогового кодекса Кыргызской Республики в связи с запросом…Сот практикасы · Решение · 29.06.2022 · № 05-р
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге…Постановление · 15.03.2023 · № 141
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ПРОГРАММАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Программа · 15.03.2023 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 20.12.2021 · № 570
- Решение Конституционного Суда КР от 29 июня 2022 года (По делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 87 Налогового кодекса Кыргызской Республики в связи с запросом…Решение · 29.06.2022 · № 05-р
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратениясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 737…Стратегия · 06.12.2024 · № 737
- 2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 462 токтомуна)Программа · 09.08.2024 · № 462
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.06.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы №120 Жарлыгы менен бекитилген)Концепция · 09.06.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Улуттук коопсуздук жөнүндөЗакон · 26.02.2003 · № 44
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.06.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон