Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «!2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын жана 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 737
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын жана 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө
Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын ишке ашыруу планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору жогоруда көрсөтүлгөн Стратегияны жана Планды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун комплекстүү башкаруу стратегиясын ишке ашыруу ПЛАНЫ
№
Стратегиялык максаттар
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлгөн жыйынтыктар
Жооптуу аткаруучулар
1
Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу
1) Тышкы жана ички коркунучтардын пайда болуу тобокелдиктерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын аярлуу жактарын төмөндөтүү аркылуу чек ара коопсуздугунун тийиштүү деңгээлин сактоо
2025-2030-жж.
Кризистик кырдаалдарга адекваттуу жана натыйжалуу жооп кайтаруу
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
2) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында тобокелдиктерди башкаруунун улуттук системасын өнүктүрүү жана ишке киргизүү
2025-2026-жж.
Тобокелдиктерди башкаруунун улуттук системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
3) Чек ара, бажы, иммиграция, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контроль системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү
2025-2030-жж.
Чек арадагы контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
4) Мамлекеттик чек аранын оптималдуу режимин белгилөө
2025-2027-жж.
Чек ара режимин сактоо
УКМК ЧК, ИИМ
5) Коңшу мамлекеттер менен чек ара мамилелерин өнүктүрүү
2025-2030-жж.
Чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү
УКМК ЧК, ТИМ
6) Чек ара коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу жаатында алдынкы технологияларды жайылтуу жана колдонуу
2025-2030-жж.
Чек ара коопсуздук системасын технологиялык кайра жабдуу
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
2
Чек арага жакын райондордо коомдук коопсуздукту камсыз кылуу
1) Чек арага жакын райондордо укукка каршы иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтүү
2025-2030-жж.
Чек арага жакын райондордо укукка каршы иштерге каршы аракеттенүү
ИИМ, УКМК ЧК, МБК
2) Коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында укук бузуулардын алдын алуу жаатында заманбап маалыматтык системаларды жана технологияларды ишке киргизүү
2025-2030-жж.
Кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу
ИИМ, УКМК ЧК, МБК
3) Чек ара аймактарында укукка каршы иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде санариптик мониторинг жана өз ара аракеттенүү системаларын интеграциялоо
2025-2026-жж.
Санариптик контролдоо системаларын ишке киргизүү
ИИМ, УКМК ЧК, МБК
4) Алдынкы технологияларды колдонуу менен калкты тейлөөнү камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча потенциалды күчөтүү
2025-2027-жж.
Алдынкы технологияларды колдонуу менен калкты тейлөөнү жогорулатуу
ИИМ
3
Эл аралык кызматташтык
1) Глобалдык жана аймактык демилгелер аркылуу транс чек аралык кылмыштуулуктун укукка каршы көрүнүштөрүн алдын алуунун жана бөгөт коюунун алкагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү
2025-2030-жж.
Транс чек аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
2) Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу
2025-2030-жж.
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо
ТИМ, ИИМ, ЭСКММ
3) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында натыйжалуу миграциялык саясатты жүргүзүү
2025-2030-жж.
Миграциялык процесстерди жөнгө салуу
ИИМ, ТИМ, ЭСКММ
4) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуунун алкагында эл аралык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү
2025-2030-жж.
Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо
УКМК ЧК, ТИМ
5) Эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, чек аралардын кол тийбестигин жана тең укуктуулукту өз ара урматтоо принциптеринде ак ниет коңшулаштыкты чыңдоо, ошондой эле чектеш мамлекеттер менен чек арага жакын райондордогу өз ара ишеним чаралары
2025-2030-жж.
Чектеш мамлекеттер менен ак ниет коңшулаштыкты жана чек ара кызматташтыгын чыңдоо
УКМК ЧК, ТИМ
4
Институттук өнүгүү
1) Оптималдаштыруу (анын ичинде ыйгарым укуктарды/функцияларды берүү), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иш процесстерин автоматташтыруу
2025-2030-жж.
Чек арадагы өткөрүү пункттарындагы процесстерди оптималдаштыруу жана автоматташтыруу
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
2) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу
2025-2030-жж.
Кадр ресурстарынын сапатын жогорулатуу
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
3) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын иш-аракеттерин оптималдаштыруунун эсебинен мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымын көбөйтүүгө көмөктөшүү
2025-2030-жж.
Жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымынын көбөйүшү
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
4) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын инфраструктуралык потенциалын жогорулатуу
2025-2030-жж.
Чек арага жакын райондордун инфраструктурасын өстүрүү жана өнүктүрүү
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын түзүмүндө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү
2025-2030-жж.
Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу
УКМК ЧК, ИИМ, МБК, САЧКӨМ
Кыскартуулардын тизмеси
МБК
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
УКМК ЧК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122