Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 304 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу „Кызмат“ мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 25-октябры ПЖ № 304
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функционалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мамлекеттик мекеме) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик мекеме:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагында турат;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат;
2) бул Жарлыкты ишке ашыруу мамлекеттик органдар үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эки айлык мөөнөттө:
1) мамлекеттик мекеменин жобосун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитсин;
2) юстиция органдарында мамлекеттик мекемени каттоодон өткөрсүн;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
4) мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылсын;
5) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 84 (3638) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин…Постановление · 05.03.2026 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым…Постановление · 13.08.2025 · № 490
- Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен…Постановление · 19.08.2025 · № 3
- Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 05-июнундагы №9/1 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө…Постановление · 05.06.2025 · № 9/1
- Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-июлу № 7/1 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат”мамлекеттик мекемеси менен Баш-Булак…Постановление · 11.07.2025 · № 7/1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 "Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.04.2025 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 40 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин санариптештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 30.01.2026 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрели № 204 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин…Постановление · 15.04.2025 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз…Постановление · 28.03.2025 · № 166
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021