Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин „Акылдуу шаар“ долбоорунун „Коопсуз шаар“ компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-апрели № 204
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктта:
биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктчада "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2024 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 550 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.09.2025 · № 550
- "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун…Порядок · 23.12.2024 · № 778 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.09.2024 · № 265
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 550 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.09.2025 · № 550
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2024 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү…Указ · 25.10.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 184 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү…Указ · 19.06.2025 · № 184