Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин санариптештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 40 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин санариптештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө айрым чечимдерин актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 4-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 295 "Булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын калкка акысыз негизде берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 "Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жободо:
- 2-пункттун:
үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо," деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 7, 10-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Инфоком" МИ" деген сөздөр "Кызмат" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызмат" ММ" - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 7-пункттун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Инфоком" МИ" деген сөздөр "Кызмат" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызмат" ММ" - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын ресурстук наркын баалоодо:
- 7-пункттун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Инфоком" МИ" деген сөздөр "Кызмат" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызмат" ММ" - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 токтомуна)Положение · 06.07.2022 · № 361
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 295 "Булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын калкка акысыз…Постановление · 10.12.2021 · № 295
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 "Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.07.2022 · № 361
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы…Постановление · 22.02.2024 · № 80
- 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз…План · 18.03.2025 · № 134
- 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын ресурстук наркын баалоо (Кыргыз Республикасынын…Приложение · 18.03.2025 · № 134
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 "Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.07.2022 · № 361
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы…Постановление · 22.02.2024 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык…Постановление · 18.03.2025 · № 134
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 295 "Булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын калкка акысыз…Постановление · 10.12.2021 · № 295
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү…Указ · 25.10.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 184 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү…Указ · 19.06.2025 · № 184