Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мады айылдык кеңешинин “Мады айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо, бекитүү жөнүндө” токтому
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-январы, №13/2 “Мады айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо, бекитүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын корутундусун жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджети 90134,0 миң сомго, ал эми
бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден түшкөн каражаттар 37350,0 миң сомго бекитилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалар атайын эсеп каражаттарына түшкөн акча каражатын аймактык казына бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүшсүн, өз алдынча кассадан чыгымдоого жол берилбесин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинде жана атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүлсүн жана республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттын эсебинен биринчи кезекте корголгон беренелерге каржылоо жагы пландаштыруу каралсын (эмгек акы, соц. фонд, тамак-аш, көмүр сатып алуу ж.б.).
4. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратында жалпы саны 18 штат; анын ичинде 5 тейлөө кызматкерлери, айылдык кеңештин жалпы саны 3 штат, анын ичинде 1 кичи кызматкер бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №2660 жарлыгы.
5. Айыл өкмөтүнүн экономист-статистине ыйгарымдуу укуктарды өткөрүп берүүнүн (делегирование) негизинде башкы адис кызмат оруну штаттык расписаниеде белгиленсин.
6. Тээке айылы бийик тоолуу аймак болгондуктан айыл башчысына эмгек акысынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча үстөк акы белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы №504 токтому).
7. Контракттык негизде жалпы 21 кызматкер бекитилсин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №381 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары) токтому.
8. “Мады Тазалык” муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бөлүнүп берилсин.
9. Маданият кызматкерлеринин жалпы саны 8 штат; анын ичинде 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №30 ”Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө) токтому.
10. Биринчи жана экинчи жарым жылдыкта айыл өкмөтүнүн башчысына, ФЭБ
башчысына жана айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча комиссиянын макулдашуусу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин кирешесинин эсебинен 522,5 миң сом
резервдик фондго киргизилсин.
12. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине материалдык жардам катары,
бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,
финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага
К.С.Темирбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин бекитүү…Постановление · 23.10.2025 · № 692
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлунун № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге…Постановление · 12.07.2024 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.09.2013 · № 504