Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 „Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы негизги, ошондой эле "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген принциптерге ылайык сапаттуу расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу, коомдун, мамлекеттин жана эл аралык коомчулуктун расмий статистикалык маалыматка болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт "каражаттарынын чегинде" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле республикалык бюджеттен" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлунун № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге…Постановление · 12.07.2024 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82