Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 413
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго колдоо көрсөтүү жөнүндө
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында калктын социалдык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 32-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында гуманитардык жардам берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте 2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган натыйжалуу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда калкты социалдык коргоо жана саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте:
- 2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепеттерине чара көрүүгө жана жоюуга багытталган ыктыярдуу кайрымдуулуктардан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү жана жабыр тарткандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүү тартибин иштеп чыксын;
- 2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө гуманитардык жардам берүүдө өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткандарды камтуунун оперативдүүлүгүн жогорулатуу жана кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык жардам берүүчү эл аралык уюмдар, алардын өкүлчүлүктөрү менен өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда эл аралык гуманитардык жардам берүүнүн бирдиктүү порталын (оперативдүү өз ара аракеттенүүнүн маалыматтык системасын) түзүү маселесин жана мындай системанын иштөө тартибин иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413…Порядок · 23.07.2024 · № 413
- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында гуманитардык жардам берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413 токтомуна)Порядок · 23.07.2024 · № 413
- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын…Порядок · 23.07.2024 · № 413
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги # 346-т (Өзгөчө кырдаалга, өзгөчө абалга чара көрүүгө жана кесепеттерин жоюуга жана жабыр тарткандарга…Распоряжение · 25.04.2025 · № 346-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 25.12.2021 · № 352
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122