Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413 токтомуна)
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүү тартиби (мындан ары - Тартип) бир жолку социалдык төлөмдү берүү шарттарын жана түрлөрүн, укуктуу адамдардын чөйрөсүн аныктайт, ошондой эле өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында берилген социалдык төлөмдөр боюнча отчеттуулукту карайт.
1.2. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык регламенттелет.
1.3. Бул Тартип II-V оордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режиминин учурунда колдонулат.
2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдүн түрлөрү
2.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөм мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:
1) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго калктын жан башына жашоо минимумунун өлчөмүндө бир жолку социалдык төлөм (сууга, тамак-аш азыктарына жана биринчи зарылдыктагы буюмдарга биринчи кезектеги керектөөлөрдү өз убагында канааттандыруу үчүн);
2) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен ден соолугуна зыян келтирилген жаранга ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун эске алуу менен бир жолку социалдык төлөм;
3) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен каза болгондун (өлгөн) үй-бүлөсүнө бир жолку социалдык төлөм.
2.2. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмгө райондук коэффициентти кошуп эсептөө каралган эмес.
2.3. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен ден соолугуна зыян келтирилген жаранга жана каза болгондун (өлгөн) үй-бүлөсүнө бир жолку социалдык төлөмдүн өлчөмдөрү жана аны төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү алуу укугу
3.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде төмөнкү критерийлердин бири боюнча бир жолку социалдык төлөмдү алууга төмөнкүлөр укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калктын муктаж болгон аялуу топтору:
а) 3 жана андан ашык жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөр;
б) кош бойлуу аялдар;
в) 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр;
г) жашы жете элек балдары бар толук эмес үй-бүлөлөр (жалгыз бой эне/жалгыз бой ата);
д) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөр;
е) улгайган жарандар;
2) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан, эвакуацияланган жана көчүрүлгөн жарандардын максаттуу топтору;
3) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында ден соолугуна зыян келтирилген жабыр тарткан жарандар:
а) ден соолугуна оор зыян келтирилген учурда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо;
б) ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген денеге анча оор эмес же денеге жеңил жаракат алган учурда, медициналык жардамга кайрылгандарга жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана амбулатордук дарылангандарга соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо;
4) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен каза болгондордун (өлгөн) үй-бүлөлөрү (үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бирдей үлүштө):
а) жубайы;
б) каза болгон никеге турбаган учурда ата-энеси;
в) жубайы жана/же ата-энеси жок болгон учурда жашы жеткен балдары;
г) балдары, жубайы жана/же ата-энеси жок болгон учурда, каза болгон (өлгөн) жарандын чогуу жашаган жана багуусунда болгон адамдар.
3.2. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - "Санарип аймак" АМС) негизинде ар бир райондо аялуу жана максаттуу топтордогу социалдык жардамга муктаж жеке адамдардын жана үй-бүлөлөрдүн санариптик маалыматтар базасын түзөт жана туруктуу мониторинг жүргүзүү жана жаңылоо жолу менен анын актуалдуу абалын камсыз кылат.
4. Бир жолку социалдык төлөмдү алууга арызды берүүнүн негизи, тартиби жана мөөнөттөрү жана аны алуу жери
4.1. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго калктын жан башына жашоо минимумунун өлчөмүндө бир жолку социалдык төлөм төмөнкүдөй берилет:
1) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын демилгеси боюнча жана чечиминин негизинде - өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго кирген, "Санарип аймак" АМСте (социалдык жардамга муктаж жеке адамдардын жана аялуу жана максаттуу топтордогу үй-бүлөлөрдүн санариптик маалыматтар базасы) катталган жарандарга;
2) жарандар тарабынан Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине төмөнкү документтерди тиркөө менен берилген арыздардын негизинде:
а) паспорттун же жарандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтин көчүрмөсүн;
б) иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалыматты ("Санарип аймак" АМСте каттоосу болгон учурда документти тиркөө талап кылынбайт. Суроо-талап "Түндүк" ЭВӨС аркылуу ишке ашырылат).
"Санарип аймак" АМСте каттоосу жок болгон учурда, жарандын өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал зонасында иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө ырастоочу документтери болуп жакынкы үйлөрдөн үчтөн кем эмес кошунасынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу, же болбосо турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин квартал башчысы/төрагасы болгон учурда алардын жазуу жүзүндөгү ырастоосу же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин мындай жарандын тиешелүү дарек боюнча жашагандыгы жөнүндө тил каты саналат.
4.2. Бир жолку социалдык төлөмдү алууга укугу бар адамдар өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбеген мөөнөттө арыз берүүгө (жазуу жүзүндө же электрондук) укуктуу. Бул мөөнөт аяктагандан кийин бир жолку социалдык төлөмдү берүүгө арыздарды кабыл алуу толугу менен токтотулат.
4.3. Эгерде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал колдонулган мезгилде бир жолку социалдык төлөмдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин жарактуу мөөнөтү бүткөн болсо, арызды берүү мөөнөтү кийинки 3 календардык айга узартылат.
4.4. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандын арызы Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине учурдагы турган жерине карабастан, электрондук же кагаз түрүндө Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоону камсыз кылуучу уюмдар аркылуу берилет.
4.5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын кароосуна электрондук арызды берүү үчүн өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандарга шарттарды түзөт.
4.6. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандын арызы (электрондук же кагаз түрүндө) келип түшкөн күнү катталууга тийиш.
4.7. Бир жолку социалдык төлөм берүүгө дайындоо жөнүндө чечим арыз берилген күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
4.8. Арыз ээлери иш жүзүндө турган жери, эвакуациялоо/көчүрүү жери боюнча бир жолку социалдык төлөмдү банктык эсепке накталай эмес формада алат.
4.9. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмдү берүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
1) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын расмий сайтына жайгаштыруу;
2) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу жана каттоо жүргүзүлүүчү жайларда жабдылган маалыматтык такталар;
3) телефон байланышы;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарын, Интернет тармактарын пайдалануу.
4.10. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмдү берүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) укуктуу адамдардын чөйрөсүн;
2) зарыл болгон документтердин тизмегин;
3) арыз берүү мөөнөтүн;
4) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын жайгашкан жерин, электрондук почтасынын дарегин, телефон номерлерин жана толук почта дарегин;
5) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды берүү укугун;
6) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөм берүү менен байланышкан башка маалыматтарды.
5. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүү тартиби
5.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөм Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын чечиминин негизинде берилет.
5.2. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын курамы, анын функциялары Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди эске алуу менен, анын курамына кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүн киргизүү менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан потенциалдуу кооптуу объекттердин санына, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын келип чыгуу тобокелдигине, алардын мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленет.
5.3. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандардын тизмеси Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тарабынан "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМСтин базасында түзүлөт.
5.4. Жарандык коргонуу боюнча комиссия 5 жумуш күндүн ичинде маалыматтарды текшерүүнү (атап айтканда өзгөчө кырдаал зонасына карата жашаган жана жайгашкан жерин), зарыл болгон учурда арыз берүүчү жарандын жашаган жерине баруу менен жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча жарандын арызын "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМС менен социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына 5 жумуш күндүн ичинде бир жолку төлөмдү дайындоо жөнүндө маселени кароого жиберет.
5.5. Төлөм социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн коммерциялык банктын транзиттик эсебине каражаттарды которуу жолу менен социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5.6. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМСтин базасында бир жолку социалдык төлөмдү берүү жөнүндө тиешелүү маалыматты киргизет.
6. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
6.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмдү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтары жеке маалыматтардын бирдиктүү системасында катталган маалыматтарга шайкеш келбесе;
2) ушул Тартиптин 4.3-пунктунда каралган учурдан тышкары, берилген документтер анык эмес болсо;
3) төлөм алуу фактысы аныкталганда;
4) "Санарип аймак" АМСте каттоо маалыматтарынын же болбосо "Санарип аймак" АМСте каттоосу жок болгондо - жарандын өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал зонасында жашабагандыгы жөнүндө ырастоочу документтин негизинде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал зонасында жашабаган факты аныкталганда (жакынкы үйлөрдөн үчтөн кем эмес кошунанын жазуу жүзүндөгү ырастоосу, же болбосо турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин квартал башчысы/төрагасы болгон учурда алардын жазуу жүзүндөгү ырастоосу же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин тиешелүү дарек боюнча мындай жарандын жашабагандыгы жөнүндө тил каты);
5) бир жолку социалдык төлөмдү берүү үчүн кайрылуу мөөнөтү аяктаганда.
6.2. Бир жолку социалдык төлөмдү берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим менен макул болбогон учурда, арыз ээси маселени чечүүнүн сотко чейинки жана соттук тартибин пайдаланууга укуктуу.
7. Каржылоо булактары
7.1. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөм Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7.2. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынан, чет өлкөлүк жарандардан жана уюмдардан ыктыярдуу акчалай төгүмдөр, кайрымдуулук же гранттык жардам бирдиктүү казыналык эсепте топтолот, аны эсепке алуу, бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7.3. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктар, анын ичинде донорлордон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине берилген кайрымдуулуктар бирдиктүү казыналык эсепте топтолот, аны эсепке алуу, бөлүштүрүү бирдиктүү казыналык эсепте топтолот, аны эсепке алуу, бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүүдө контролдоо, отчеттуулук жана ачык-айкындуулук
8.1. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө тартибин контролдоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары боюнча - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине эл аралык уюмдардын каражаттарынан келип түшкөн каражаттар боюнча - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана мындай жардамды берген эл аралык уюмдар.
8.2. Бир жолку социалдык төлөмдөргө акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчеттор Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тарабынан бир жолку социалдык төлөмдөрдү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айдан кийинки айдын 15 календардык күнүнөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берилет.
8.3. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык жардамды берүүчү эл аралык уюмдар, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткандарга берилген материалдык жардамга жалпы мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн калкка көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам жөнүндө тиешелүү маалыматты берет.
8.4. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмдү берүү жөнүндө маалымат ачык жана айкын болуп саналат, тиешелүү уюмдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.
9. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бир жолку социалдык төлөмдү берүүдө кайтарым байланыш механизми
9.1. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмдү берүү маселелери боюнча калк менен кайтарым байланыш механизминин иштешин камсыз кылуу үчүн өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жана өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткандарды кабыл алуу, телекоммуникациялык байланыш каражаттары боюнча кайрылуу, расмий интернет-сайтта, маалыматтык такталарда маалыматтарды жайгаштыруу, телекөрсөтүү жана радио, басылмалар жана башка байланыш каражаттары аркылуу маалымдоо сыяктуу жеткиликтүү өз ара аракеттенүү каражаттарын уюштурат.
9.2. Ар бир жаран өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде бир жолку социалдык төлөмдү берүү маселелери боюнча Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген комиссиянын дарегине жеке баруу, телефондук сүйлөшүү, электрондук почта (арыз ээсинин тандоосу боюнча) аркылуу арыздар, сунуштар, суроо-талаптар, даттануулар менен кайрылууга жана "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жарандык коргонуу боюнча комиссиядан жооп алууга укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413 "Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго…Постановление · 23.07.2024 · № 413