Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413 токтомуна)
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн бул тартиби (мындан ары - Тартип) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн, шарттарын жана тартибин аныктайт.
1.2. Эл аралык чукул жардам берүү тартиби Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык регламенттелет.
1.3. Бул Тартип II-V оордук даражасындагы өзгөчө кырдаал учурунда колдонулат.
2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү
2.1 Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү:
1) турмуштук оор кырдаалда турган, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан балдарды аныктоо, каттоо, эсепке алуу, коргоо чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн социалдык коштоо;
2) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды (мындан ары - ДМЧА) жана улгайган жарандарды эвакуациялоодо социалдык коштоо;
3) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан ДМЧАларды жана улгайган жарандарды аныктоо, каттоо, эсепке алуу үчүн социалдык коштоо;
4) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди алууда же калыбына келтирүүдө, камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү), бала асырап алууну белгилөө үчүн зарыл болгон документтерди чогултууда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен майыптыгына байланыштуу баккан адамынан айрылгандыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды, бир жолку социалдык төлөмдөрдү жана гуманитардык социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү;
5) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан калктын аялуу топторуна медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча социалдык коштоо кызматтары;
6) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан калкка психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча социалдык коштоо кызматтары;
7) саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо системаларында жана башка чөйрөлөрдө ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн калктын социалдык жактан аялуу жана максаттуу топторунун арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча окутуу курстарынан өтүүгө көмөктөшүү.
2.2. Бул Тартиптин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнү, социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар камсыз кылат.
3. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугу
3.1. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү алууга төмөнкүлөр укуктуу:
1) калктын өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан муктаж аялуу топтору:
а) 3 жана андан ашык жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөр;
б) кош бойлуу аялдар;
в) 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр;
г) жашы жете элек балдары бар толук эмес үй-бүлөлөр (жалгыз бой эне/жалгыз бой ата);
д) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар бар үй-бүлөлөр;
е) улгайган жарандар;
2) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен, же болбосо өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан, эвакуацияланган жана көчүрүлгөн жарандардын максаттуу топтору;
3) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен, же болбосо өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандар (каза болгон жана/же ден соолугуна зыян келтирилген, жеке мүлкүн толук же жарым-жартылай жоготкон, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинен жашоо шарттары начарлаган жарандар);
4) эмгекке жарамсыз мүчөлөрү бар үй-бүлөлөр жана эмгекке жарамсыз абалдагы жалгыз бой адамдар.
3.2. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калк төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын зоналарында болгон учурда акысыз медициналык тейлөөгө жана дарылоого;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн айрым жерлерде калк дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдик жөнүндө жана зарыл болгон коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматка.
3.3. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде калк өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал коркунучу болгон учурда өз коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүүгө милдеттүү.
3.4. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
1) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын расмий сайтына жайгаштыруу;
2) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу жана каттоо жүргүзүлүүчү жайларда жабдылган маалымат такталары;
3) телефон байланышы;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарын, Интернет тармактарын пайдалануу.
3.5. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) укуктуу адамдардын чөйрөсү;
2) керектүү документтердин тизмеги;
3) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын турган жери, электрондук почтасынын дареги, телефон номерлери жана толук почта дареги;
4) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиянын дарегине даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды берүү укугу;
5) өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү менен байланышкан башка маалыматтарды.
4. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү тартиби
4.1. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматтар көрсөтүлөт:
1) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калкка социалдык жардам берүү боюнча оперативдүү иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө;
2) өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө абалдын кесепетинен жабыр тарткан калктын муктаж болгон аялуу катмарын жана максаттуу топторун аныктоо жана коштоо жолу менен;
3) Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын чечиминин негизинде;
4) Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын дарегине; социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, паспортунун же болбосо ким экендигин күбөлөндүрүүчү документинин көчүрмөсүн берүү менен, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан адамдын арызынын (арыз ээсинин тандоосу боюнча: электрондук же кагаз түрүндө) негизинде.
4.2. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын курамы, анын функциялары жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, ага жүктөлгөн милдеттерди эске алуу менен, анын курамына мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүн киргизүү менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан потенциалдуу кооптуу объекттердин санына, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын келип чыгуу тобокелдигине, алардын мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленет.
4.3. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандардын тизмеси Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тарабынан "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасынын (мындан ары - "Санарип аймак" АМС) базасында түзүлөт.
4.4. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия 5 жумуш күндүн ичинде маалыматтарды (атап айтканда: өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал зонасына карата жашаган жана жайгашкан жери), зарыл болгон учурда арыз берген жарандын жашаган жерине баруу менен текшерет, анын жыйынтыгы боюнча жарандын арызын "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМС жардамы менен жөнөтөт:
1) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына 3 жумуш күндүн ичинде маселени кароого;
2) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын кесепетинде медициналык кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына 3 жумуш күндүн ичинде маселени кароого, мында мүмкүнчүлүккө жараша ДМЧА өзүнчө эсепке алынышы мүмкүн.
4.5. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМС базасында ар бир райондо калктын аялуу жана максаттуу топторунун ичинен социалдык жардамга муктаж жеке адамдардын жана үй-бүлөлөрдүн санариптик маалымат базасын түзөт жана туруктуу мониторинг жүргүзүү жана жаңылоо жолу менен анын актуалдуу абалын камсыз кылат;
2) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калктын социалдык жардамга муктаж аялуу жана максаттуу топторун аныктоону жана коштоону камсыз кылат;
3) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калктын аялуу жана максаттуу топторуна социалдык жардам берүүчү социалдык кызматкерлердин ишин уюштурууну камсыз кылат;
4) тиешелүү аймактагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында калкка социалдык жардам берүү боюнча ыктыярчыларды (волонтерлорду) окутууну жана алардын ишин уюштурууну камсыз кылат;
5) өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында аялдарды жана балдарды эксплуатациялоодон жана алардын укуктарын бузуунун, чектөөнүн башка формаларынан коргоо жөнүндө түшүндүрүү маектерин өткөрүүнү уюштурууну камсыз кылат; өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында, ошондой эле убактылуу жайгаштыруу жерлеринде аялдарга, балдарга жана улгайган адамдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана алсыздыгын азайтуу боюнча иштерди уюштурууга көмөк көрсөтөт.
4.6. Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
1) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калкка психологиялык жардам берүү үчүн адистердин санариптик маалымат базасын түзүшөт;
2) өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан психологиялык жардамга муктаж калкты аныктоону жана коштоону камсыз кылат.
4.7. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссия тиешелүү аймактагы өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калкка социалдык жардам берүү боюнча ыктыярчылардын (волонтерлордун) санариптик маалымат базасын түзөт.
5. Каржылоо булактары
5.1. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдүн каражаттарынан каржыланат:
1) республикалык бюджеттин;
2) жергиликтүү бюджеттердин;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине жөнөтүлгөн эл аралык акчалай кайрымдуулуктардан;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын эсебинде топтолгон ыктыярдуу акчалай төгүмдөрдүн, кайрымдуулук же гранттык жардамдардын.
5.2. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынан, чет өлкөлүк жарандардан жана уюмдардан ыктыярдуу акчалай төгүмдөр, кайрымдуулук же гранттык жардамдар бирдиктүү казыналык эсепке топтолот, аны эсепке алуу, бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5.3. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктар, анын ичинде донорлордон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине берилген акчалай кайрымдуулуктар бирдиктүү казыналык эсепте топтолот, аны эсепке алуу, бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүдө контролдоо, отчеттуулук жана ачыктык
6.1. Аймактык бөлүмдөрдүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрүн контролдоону республикалык деңгээлдеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар "Түндүк" ЭВӨС аркылуу "Санарип аймак" АМС базасында жүзөгө ашырат.
6.2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө отчеттуулук аймактык башкармалыктар тарабынан республикалык деңгээлдеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бекитүүсүнө жиберилет.
6.3. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жөнүндө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле өзгөчө кырдаалды жана өзгөчө абалды жоюу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдардын иши жөнүндө маалыматтар ачык жана айкын болуп, тиешелүү уюмдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.
6.4. Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан жарандарга социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жалпы мониторинг жүргүзүү жана баалоо максатында кварталына бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык жардам берүүчү эл аралык уюмдардан өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткан калкка берилип жаткан гуманитардык жардам жөнүндө тиешелүү маалыматты сурап турат.
6.5. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү тартиби менен макул болбогон учурда арыз ээси маселени чечүүнүн сотко чейинки жана соттук тартибин пайдаланууга укуктуу.
7. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүдө кайтарым байланыш механизми
7.1. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиялар өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү маселелери боюнча калк менен кайтарым байланыш механизминин иштешин камсыз кылуу максатында калк үчүн жеткиликтүү болгон өз ара аракеттенүү каражаттарын уюштурат: өзгөчө кырдаалдын кесепетинен же өзгөчө абал шарттарында жабыр тарткандарды кабыл алуу, телекоммуникациялык байланыш каражаттары, электрондук почта боюнча кайрылуулар, расмий интернет-сайтта, маалыматтык такталарда маалыматтарды жайгаштыруу, телекөрсөтүү жана радио, басылмалар жана башка байланыш каражаттары аркылуу маалымдоо.
7.2. Ар бир адам өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында социалдык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү маселелери боюнча Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштеген тиешелүү комиссиянын дарегине жеке баруу, телефондук сүйлөшүү, электрондук почта аркылуу (арыз ээсинин тандоосу боюнча) арыздары, сунуштары, суроо-талаптары, даттануулары менен кайрылууга жана "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жарандык коргонуу боюнча комиссиядан жооп алууга укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 413 "Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында жабыр тарткан аялуу жана максаттуу топторго…Постановление · 23.07.2024 · № 413