Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 10-майы № 229-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын № 1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында "Балдардын билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн жаңы ыкманы колдонуу" пилоттук долбоорунун жыйынтыктары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында "Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар" долбоорун (мындан ары - Долбоор) этап-этабы менен ишке ашыруу башталсын:
- 2024-жылы - 570 мектепке чейинки билим берүү уюмунда;
- 2025-жылы - 570 мектепке чейинки билим берүү уюмунда;
- 2026-жылы - 570 мектепке чейинки билим берүү уюмунда.
3. "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондуна Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн Долбоорду экиден ишке ашыруу сунушталсын.
4. Долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):
- Долбоорду тиешелүү аймактарда ишке ашырууну координацияласын;
- социалдык маселелер боюнча орун басарын жумушчу топтун жетекчиси кылып аныктап, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын - акимдерди, административдик райондордун, мэриялардын башчыларын, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы, өзгөчө кырдаалдар, архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин курамга киргизүү менен Долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топторду түзсүн;
- региондорду өнүктүрүү фонддорунун социалдык долбоорлорду ишке ашырууга каралган финансылык каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды Долбоорду ишке ашырууга белгиленген тартипте багыттасын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен каражаттарды багыттоо сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана кийинки жылдарда эмгек акы фондусун каржылоону белгиленген тартипте карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кошумча кадрдык камсыздоо боюнча чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
9. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте маалымат суроого жана иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга укуктуу деп белгиленсин.
10. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
11. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп;
- "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду Долбоорду ишке ашыруу боюнча координатор (макулдашуу боюнча) болуп.
12. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
"Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар" долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Бишкек шаарынын мэри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 10.09.2024 · № 19/4
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-январындагы №2/18 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Соколок айылынын тургуну К.Мамаеванын жазган арызын кароо жөнүндө" токтому.Постановление · 16.01.2025 · № 2/18
- Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток…Постановление · 05.09.2024 · № 38/4
- Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №13 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө” токтомуПостановление · 16.09.2024 · № 13
- Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №2/2 "Ара-Көл айылында «Алтын уя мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө"…Постановление · 02.12.2024 · № 2/2
- Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 2/3 "Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 02.12.2024 · № 2/3
- Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 13-сентябрындагы №1 « Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджетти жана…Постановление · 13.09.2024 · № 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 9
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон