Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ара-Көл айылында «Алтын уя мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө» Токтому
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 2/2 Ара-Көл айылында «Алтын уя мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ара-Көл айылында «Алтын уя мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берилсин.
2. «Алтын уя мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин түзүп, уставын бекитип, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, Нарын облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы З.А. Козубековго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
Ө.Урматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.