Керме-Тоо айылдык кеңешинин «Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Соколок айылынын тургуну К.Мамаеванын жазган арызын кароо жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 2/18 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Соколок айылынын тургуну К.Мамаеванын жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 4-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Соколок айылынын тургуну К.Мамаеванын жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында өзүнүн жеке үйүн “Гүлбаар” балдар бакчасынын филиалы кылып ачып, бирок аталган балдар бакчаны кармап калууга жана иштетип кетүүгө өзүнүн мүмкүнчүлүгү жетпей жаткандыгын белгилеп, жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т, тескемесинин 6-пунктун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Соколок айылынын тургуну К.Мамаеванын арызында жазган көйгөйлөрдү чечүү, келечек муундун татыктуу тарбия алуусуна жакшы шарттарды түзүп берүү, “Гүлбаар” балдар бакчасынын филиалы андан ары иштеп кетүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2025-жылдын 1-февралынан тартып ай сайын 20 000 (жыйырма) миң сомдон “Гүлбаар” балдар бакчасынын филиалынын ижара акысына төлөп берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
2. Райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук экотехинспекциядан жана өрт коопсуздугу башкармалыгынан, райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунан, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, райондук электр тармактары ишканасынан талапка ылайык юридикалык документтик корутундуларды чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Абсатар уулу Мунарбек
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.