Момбеков айылдык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын
2024-жылынын 16-сентябры №13
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 29-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май 229-тескемеси аткарууга алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын мектептеринде мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасы жана бала бакчаларында кошумча тайпа ачылсын.
3. Токтомдун аткарылышы мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Турарбек кызы Уулканга жүктөлсүн.
Төрага:
И.Абдыразак уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229-т (Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 10.05.2024 · № 229
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон