Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 98 "О Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
14-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, жайыт башкаруу жана пайдалануу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум ишин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитеттери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти";
- расмий тилде: "Департамент пастбищ и племенного животноводства при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЖАТМЧД";
- расмий тилде: "ДППЖ".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департаменттин юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 315.
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
9. Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн жайыт экосистемаларын жана анын инфратүзүмүн, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
10. Департаменттин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартуунун негизинде жайыттарды туруктуу башкарууну жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
- асыл тукум мал чарба өндүрүшүн көбөйтүү, андан алынган азыктарды тышкы жана ички рыноктордо сатуу;
- мал чарба азыктарынын сапатын жогорулатуу, өндүрүү жана сатуу ассортиментин кеңейтүү;
- жайыттарды жана асыл тукум мал чарбачылыгын жакшыртуу жаатындагы өндүрүш практикасына илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү.
4-глава. Департаменттин функциялары
11. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- жайыттарды башкаруу (анын ичинде жайыттарды жана жайыт ресурстарын бөлүштүрүү, башкаруу жана пайдалануу), асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу чаралары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана Министрликке киргизүү;
- тармактык илим изилдөөчү институттар жана жогорку окуу жайлары менен бирдикте жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум иши боюнча келечектүү пландарды, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жаатындагы пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгуу;
- жайыттарды туруктуу башкарууну жана пайдаланууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, типтүү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди, программаларды, ошондой эле методикалык материалдарды иштеп чыгууга катышуу;
- айыл чарба жаныбарларын породалык райондоштуруу боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында инвестициялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
- мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту менен бирдикте селекциялык асыл тукум ишин жүргүзүү, бузулган жайыттарды калыбына келтирүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу, жайыттардын абалына, сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарын, методдорун аныктоо, бузулган жайыттардын даражасын аныктоо жана анын алдын алуу чараларын көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жайыттардын абалына, сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарынын, методдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзам актыларын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- жайыттарды суу эрозиясынан, селдерден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сазга айлануудан, кагырап калуудан, шор басуудан коргоо жана бузулган жайыттарды рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү;
- чарбакер субъекттерге асыл тукум чарбасы статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү, бардык түрдөгү жаныбарлардын линияларынын, типтеринин, породаларынын каталогун жүргүзүү;
- асыл тукум продукциясына эксперттик корутундуларды берүү;
- айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын жаңы породаларын, породанын ичиндеги типтерин, линияларын, түркүмдөрүн жана кроссторун мамлекеттик апробациялоо жана сыноо;
- асыл тукум жаныбарларынын жана канаттуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- асыл тукум ишин натыйжалуу жүргүзүү, жайыттарды башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча илимий мекемелер, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен белгиленген тартипте Министрликтин макулдугу менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелери тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландарды, жайыт пайдалануу пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү;
- бардык чарбакер субъекттер тарабынан жайыттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууга жана пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануучулар ассоциацияларынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерине мониторинг жүргүзүү;
- асыл тукум иши менен алектенген субъекттердин, жайыт комитеттеринин жана башка чарбакер субъекттердин селекциялык асыл тукум ишин жүргүзүү, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерин мамлекеттик контролдоо;
- асыл тукум жаныбарларынын санына жана алардын азыктуулугуна мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттардын, гранттардын жана башка келип түшүүлөрдүн максаттуу пайдаланышын, инвестициялык долбоорлорго тартылган асыл тукум иши менен алектенген субъекттердин, жайыт комитеттеринин жана башка чарбакер субъекттердин ишин контролдоо;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелери тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландардын иштеп чыгарылышын жана аткарылышын контролдоо;
- асыл тукум иши, жайыттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча чараларды көрүү жана контролду уюштуруу маселелери боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүү;
- мамлекеттик асыл тукум заводдорунда асыл тукум ишин жүргүзүүнү уюштуруу, контролдоо жана көзөмөлдөө;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- мамлекеттик асыл тукум заводдорунун ишинин зоналарында асыл тукум продукциясын жана асыл тукум материалдарын сатуу;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мал чарбачылыгын, асыл тукум ишин, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу үчүн чарбакер субъекттерге тышкы жана ички инвестицияларды тартууга колдоо көрсөтүү;
- асыл тукум ишин жүргүзүүнүн, жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун негиздери боюнча билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу, жайыттарды туруктуу башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды, тренингдерди, окутууларды жана тегерек столдорду өткөрүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум ишин жүргүзүү, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу, көп тараптуу, мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди ишке ашырууну камсыздоого катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитеттерине жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү;
- жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- асыл тукум мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- асыл тукум жаныбарларынын жана асыл тукум материалынын көргөзмөлөрүн, аукциондорун уюштуруу;
- жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу жана пайдалануу боюнча коомчулуктун кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- мал чарба субъекттерин асыл тукум материалы менен камсыздоого көмөктөшүү;
- илим изилдөөлөрдү жүргүзүү, фермер жана дыйкан чарбаларынын практикасына түрдүү жетишкендиктерди киргизүү, аларга зарыл консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- асыл тукум мал чарба, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жаатында маалыматтык кызматтарды көрсөтүү жана окутууларды өткөрүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана статистиканы чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу боюнча талаптагыдай системаны түзүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы маалымдама жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана сатуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Департаменттин укуктары
12. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин, ошондой эле министрликтердин жана административдик ведомстволордун, республиканын илим изилдөөчү жана башка мекемелеринин жана уюмдарынын өкүлдөрүн жайыттарды, алардын ресурстарын башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарбачылыгы менен байланышкан маселелерди иштеп чыгууга жана кароого тартууга;
- асыл тукум ишин жүргүзүү боюнча дистрибьютордук борборлорго менчигинин түрүнө карабастан мониторинг жүргүзүүгө;
- Департаменттин милдеттерине таандык болгон айрым маселелерди жана көйгөйлөрдү иштеп чыгууга жана кароого эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн ишке тартууга;
- министрликтерден жана административдик ведомстволордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын бирикмелеринен, ишканаларынан, уюмдарынан, ассоциацияларынан жана илимий мекемелеринен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте сурап алууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
- Министрликтин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана башка документтерин даярдоодо, кол коюуда жана ишке ашырууда белгиленген тартипте катышууга.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
13. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаментте директордун орун басары кызматы каралган, ал министр тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Департаменттин директору жок учурда директордун милдетин орун басары аткарат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну уюштурат, ошондой эле Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоого Департаменттин кызматкерлеринин катышуусун камсыздайт;
- Департаменттин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, сот органдарында жана башка уюмдарда Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин кызматкерлерине жазуу жана оозеки түрдө көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызматтан бошотуу, аларга тартиптик жаза колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Департамент Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте ага өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8-глава. Департаменти кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаментти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
20. Департаменттин иши жөнүндө документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын…Постановление · 24.12.2021 · № 347
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.