Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 – апрелиндеги № 210 токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 ноября 2025 года № 760 "О вопросах деятельности Государственного центра по регистрации транспортных средств и водительского состава при Управлении делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-27.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 – апрелиндеги № 210 токтому менен бекитилген
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу
ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жалпы жоболор
1. Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
6. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
маалыматтык база - автоунаа каражаттарына берилген мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди топтоо жана текшерүү үчүн арналган атайын уюштурулган программалык маалыматтардын электрондук тутуму; мамлекеттик каттоочу номердик белги - Кыргыз Республикасынын аймагында автоунаа каражаттарын пайдаланууга уруксат берүүнү тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган автоунаа каражаттарынын өздүк мамлекеттик каттоочу коду түшүрүлгөн автоунаа каражаттарынын номердик белгиси; автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белги (мындан ары - ысымдуу номердик белги) - арыз ээсинин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жасалган символдор (цифра жана тамга менен) тартылган мамлекеттик каттоочу кошумча номердик белги; тастыктама - ысымдуу номердик белгини сатып алуу фактысын тастыктаган белгиленген формадагы документ; ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Ысымдуу номердик белгини сатуунун тартиби
3. Ысымдуу номердик белгини сатуу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ысымдуу номердик белгинин баасы 100000 (жүз миң) сомду түзөт.
Автоунаа каражаттарыyа мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке которулууга тийиш.
5. Ысымдуу номердик белгини сатып алууну каалаган адам ыйгарым укуктуу органга билдирме берет.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- паспорттун көчүрмөсү;
- автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белги үчүн акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- менчигинде автоунаа каражатынын болушун тастыктаган документтер.
Арызды карап чыккандан кийин ыйгарым укуктуу орган жумушчу күндүн ичинде адамга анын ысымдуу номердик белгини сатып алгандыгын тастыктаган тастыктама берет. Тастыктама берилгендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат. Тастыктама төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтыйт:
- адамдын аты-жөнүн, туулган күнүн жана жашаган жерин;
- ысымдуу номердик белгини;
- ысымдуу номердик белгини сатып алган күнүн жана жерин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Тастыктама алгандан кийин адам үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө ысымдуу номердик белгини алуу жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө белги койдуруу үчүн кайрылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамга ысымдуу номердик белгини берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- ысымдуу номердик белги ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасында болгон жана анын башка ысымдуу номердик белгилерине окшоштуктары болсо;
- ысымдуу номердик белги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аббревиатурасын камтыган болсо;
- ысымдуу номердик белгинин мамлекеттик каттоочу номердик белгилерине окшоштуктары болсо;
- жарандын жеке менчик укугунда автоунаа каражаты жок болсо;
- ысымдуу номердик белгиде төмөнкү символдордун айкалышы камтылган болсо:
конституциялык түзүлүштү күчкө салып кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана башка каалаган мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга, согушка, зордоого жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлөнүүгө, башка элдерге жана улуттарга терсаяктык кылууга үндөөнү; адепсиз деп эсептелген сөздөрдү. Каалаган ысымдуу номердик белгини берүүдөн баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери жазуу жүзүндө адамга жооп берет жана ошол айкалыштагы символдорду маалыматтар базасына “берүүдөн баш тартылды” белгиси менен киргизет.
8. Ысымдуу номердик белгилер үчүн чектөөлөр
8. Ысымдуу номердик белгилер төмөнкү талаптарды сактоо менен даярдалат:
- ысымдуу номердик белгинин пластинасы ак фондо болушу зарыл, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлөт;
- номерде сандык символдору (араб) жана латын алфавитинин баш тамгалары камтышы мүмкүн;
- номерде экиден кем эмес тамга болот, алар жеке номердик белгинин баш жагына коюлат;
- ысымдуу номердик белги экиден кем эмес, бирок жетиден ашык эмес символду камтышы керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук…Постановление · 22.02.2024 · № 78 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 482 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 210 · Күчүн жоготкон