Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
В. В. Тепляковдун кайрылуусуна байланыштуу “Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктунун “в” пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү тууралуу иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Виталий Владимирович Тепляковдун кайрылуусуна байланыштуу 2021- жылдын 10-мартындагы № 29 ―Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктунун ―в‖ пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү тууралуу иш боюнча ЧЕЧИМИ 2025-жылдын 2-июлу Бишкек ш. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев
курамында, катчы К. Маамыталы кызынын; кайрылуучу тарап – Виталий Владимирович Тепляковдун, ишеним кат боюнча өкүлдөрү Ахмед Сапарбекович Абдужалиловдун, Самат Аскарович Матцаковдун; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Калыгул уулу Бакыттын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Кубанычбек Сабырович Сабыровдун, Бексултан Курвангалиевич Курвангалиевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Актан Патрисович Ногойбаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү Аяз Доолосбекович Джаркынбаевдин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Урмат Сагыналиевич Аралбаевдин, Акбар Бактыбекович Амановдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 ―Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5- пунктунун ―в‖ пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү тууралуу ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого В.В. Тепляковдун өтүнүчү себеп болду жана талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселеде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумга кароого даярдаган судья-баяндамачы М.Ш. Касымалиевдин маалыматын угуп жана иштин берилген материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын 2
Конституциялык сотуна В.В. Тепляковдун 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 ―Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын келтирилген материалдык залалдын орду толтурулбаса, эскирүү мөөнөтүнүн аякташы менен кылмыш-жаза ишинин токтотулушуна тыюу салууну караган ченеми алып салынган 3-беренесинин 5-пунктунун ―в‖ пунктчасынын шайкештигин текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыз ээсинин пикири боюнча бул ченемди алып салуу анын конституциялык укуктарын бузууга алып келген, анткени ал мурда мыйзамда каралган кылмыш-жаза процессинде жабырлануучунун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин жокко чыгарган. Алсак, иштин материалдарынан белгилүү болгондой, 2014-жылы жаран Г.Ю. Разваляев тигүү өндүрүшү чөйрөсүндө биргелешкен ишкердик ишмердүүлүккө катышууну В.В. Тепляковго сунуш кылган. Ушул шылтоо менен ал андан акча каражатын алган, бул берилген тилкат менен тастыкталат. Бирок, кийинчерээк Г.Ю. Разваляев өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, көрсөтүлгөн каражаттарга ээлик кылып,
В.В.Тепляковго материалдык зыян келтирген.
Жогорудагы жагдайлар Г.Ю.Разваляевге карата Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы редакциядагы Кылмыш- жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча (алдамчылык) кылмыш ишин козгоо үчүн негиз болгон. Алдын ала тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши бекитилген айыптоо корутундусу менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бирок, аталган соттун 2017-жылдын 11-майындагы токтому менен айыпталуучу өзүнө тагылган жосунду жасоодо күнөөсүн моюнга албагандыгына карабастан, жазыктык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Бул токтом Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 23-июнундагы аныктамасы менен 3
өзгөртүүсүз калтырылып, кийин Жогорку сот бул сот актыларын жокко чыгарып, жол берилген процессуалдык укуктун ченемдерин бузууларды жоюу үчүн кылмыш иши кайрадан кароого жөнөткөн. Тактап айтканда, Жогорку сот кылмыш ишин токтотуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууда биринчи инстанциядагы сот айыпталуучунун күнөөнү моюнга албагандыгынын фактысын көңүлгө алган эместигин, бул биринчи инстанциядагы соттук отурумдун протоколу менен тастыкталгандыгын белгилеген. Кассациялык инстанциядагы соттун көрсөтмөсүнө карабастан, ишти биринчи инстанциядагы соттун кийинки кароолорунда да айыпталуучуга карата жазык куугунтугу кайрадан ошол эле негиздер боюнча токтотулган, ошондой эле айыпталуучунун позициясына тийиштүү укуктук баа берилген эмес. Муну эске алуу менен арыз ээси биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор иш жүзүндө Жогорку соттун көрсөтмөлөрүн этибарга албастан, мурда жол берилген кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды бузууларды четтетпестен, калтырган деп эсептейт. Муну менен мындай жагдай келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесинин талаптагыдай эмес каралышына алып келген. Мындан тышкары, кайрылуу субъектиси белгилегендей, түзүлгөн соттук практика мыйзамсыз жана басмырлоочу мүнөзгө ээ, бул жабырлануучунун укуктары бөлүгүндө укуктук аныксыздык абалын жараткан. Бул соттор тарабынан кылмыш иштерин кароодо кылмыш-жаза процессинде катышуучу тараптардын тең укуктуулук принцибин бузуу менен, иш жүзүндө айыпталуучунун гана кызыкчылыгына артыкчылык бергендигинен көрүнүп турат. Тактап айтканда, айыпталуучунун адвокаттары доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскартуу боюнча өтүнүчтөрдү системалуу түрдө беришкен, муну менен айыпталуучу формалдуу түрдө макул, бирок күнөөсүн моюнга албайт. Күнөөнү моюнга алуу фактысы кылмыш ишин реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотуу үчүн олуттуу процессуалдык талап болуп саналса 4
да, соттор бул жагдайга көңүл бурбастан, мындай өтүнүчтөрдү канааттандырып, ишти кыскартуу жөнүндө токтом чыгарышат. Буга байланыштуу В.В. Тепляков жазыктык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш-жаза иштери кыскартылган мезгилде келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси тийиштүү процессуалдык кароо алкагынан тышкары калган деп эсептейт. Мында күнөөнү моюнга алуунун жоктугу, бирок айыпталуучунун мындай токтотууга каршы эместиги соттун ишти кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгаруусуна тоскоол болгон эмес. Бул, кайрылуунун субъекти белгилегендей, соттук коргоого конституциялык укукту ишке ашырууга карата бузуу жана тоскоолдук болуп саналат.
В.В. Тепляков, ошондой эле материалдык зыяндын ордун
толтурбастан, доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү менен кылмыш иштерин токтотууга тыюу салууну караган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза- процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 26-беренесинин 3-1- бөлүгүн (2019- 2021-жылдары колдонууда болгон) белгиледи, ал жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандыгын белгилейт. 2021-жылдын 10-мартындагы ―Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аны күчүн жоготту деп таануу, ошондой эле кийин 2024-жылдын 16-февралына чейин бул маселени жөнгө салуучу укуктук механизмдин жоктугу (ушундай ченем КЖПКнын 27- беренесинин 4-1-бөлүгүнө киргизүү жолу менен калыбына келтирилген) мыйзамдын жоболорун анын убакыттын өтүшүнө карата колдонулушун өзүм билемдик менен чечмелөөгө өбөлгө болгон, бул жабырлануучу үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келген, ошол эле учурда айыпталуучуга укуктук артыкчылыктарды берген. Жогоруда аталган тыюу салуу жөнүндө кылмыш-жаза процессуалдык ченем калыбына келтирилгенден кийин, биринчи инстанциядагы сот 2024- 5
жылдын 22-июлундагы токтому менен ошол эле негиздер боюнча (эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу) жазык ишин кайрадан кыскарткан, бирок бул жолу процесстин катышуучуларына жаңы милдеттерди жүктөгөн, тикелей же кыйыр түрдө укуктарын жокко чыгарган же аларды азайткан, аларды пайдаланууну кошумча шарттар менен чектеген кылмыш-жаза процессуалдык мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт деп белгилеген КЖПКнын 3-беренесинин 2-бөлүгүн колдонгон. Апелляциялык инстанциядагы соттун 2024-жылдын 5-ноябрындагы аныктамасы менен жогоруда аталган токтом өзгөрүүсүз калтырылган. Арыз ээси биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдын убакыт боюнча колдонулушун айыпталуучунун кызыкчылыгына гана чечмелеп бергендигин, анын пикири боюнча, бул бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлик конституциялык кепилдиктеринин, ошондой эле адилет жана калыс соттук териштирүү укугунун бузулушуна алып келгендигин белгилейт.
В.В. Тепляков, ошондой эле анын маселесин чечүү процесси 2017-
жылдан ушуга мезгилге чейин чечилбей, узакка созулуп, циклдүү мүнөздө болуп, биротоло чечилбей келгендигин белгилейт. Жогорку сот бир нече жолу сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин кайрадан кароого жөнөтсө, биринчи инстанциядагы соттор иш боюнча өндүрүштү кайрадан кыскартып, ар бир жолу процессуалдык мүнөздөгү бузуулар оңдолгон эмес. Арыз ээсинин пикири боюнча соттук процессти мындай создуктуруу анын бузулган укуктарын өз убагында калыбына келтирүүгө Конституция менен кепилденген укугунан, анын ичинде келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу укугунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн иш жүзүндө ажыраткан. Ошентип, келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин чечпестен, реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча жазык иштерин токтотууга тыюу салууну камтыган КЖПКнын 26-беренесинин 3-1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылганына байланыштуу, арыз ээси адам укуктары менен эркиндиктерин 6
жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга конституциялык тыюуларды сактоо позициясынан алганда анын жокко чыгарылышы күмөндүү экендигин билдирет. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, арыз ээси талашылып жаткан ченемдин Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56- беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, ошондой эле 61-беренесинин 1 жана 2- бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 13-январындагы аныктамасы менен В.В. Тепляковдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Жоопкер тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С. К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул эмес жана талашылып жаткан жобо Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Анын пикири боюнча келтирилген зыяндын орду толтурулбаганда жазык куугунтугун токтотууга тыюу салууну убактылуу четтетүүгө алып келген КЖПКнын 26-беренесинин 3-1-бөлүгүн алып салуу башка соттук механизмдер аркылуу коргонуу укугун ишке ашырууга тоскоолдуктарды жаратпайт жана конституциялык укуктардын бузулгандыгын көрсөтпөйт. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн мезгилде колдонулуп жаткан укуктук жөнгө салуу айыпталуучуну келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошоткон эмес. Тиешелүү түрдө, жабырлануучу жарандык сот өндүрүшү тартибинде сотко кайрылуу аркылуу өзүнүн мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн сактап калган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жоопкер тарап мамлекеттин процесстин ар бир катышуучусуна соттук коргоого, сот адилеттигине жетүүсүнө жана ишке ашыруу ыкмасын тандап алуу укугун тоскоолдуксуз ишке ашыруунун кепилдиги болуу менен ага берилген дискрециялык ыйгарым укуктардын негизинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 7
укуктуу экендигин көрсөтөт. Ушуга байланыштуу, С.К. Ысыранов талашылып жаткан ченемди конституциялык эмес деп табуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев жоопкер тараптыкына окшош позияциясын билдирди. Ошол эле учурда, ал 2024-жылдын 16-февралындагы № 50 ―Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Мыйзам менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурбастан кылмыш ишин токтотууга тыюу салган ченем калыбына келтирилгенине көнүл бурат. Бул, анын пикири боюнча мыйзам чыгаруучунун жабырлануучулардын мүлктүк укуктарын кыйла натыйжалуу коргоону камсыз кылууга умтулуусу жөнүндө айгинелейт. Ал, ошондой эле КЖПКнын 40-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык, жабырлануучу кылмыш менен келтирилген материалдык да, моралдык да зыяндын ордун толтурууну жарандык сот өндүрүшү тартибинде талап кылууга укуктуу экендигине көрсөтөт. Бирок материалдык зыяндын ордун толтурбастан кылмыш ишин токтотууга жол берген ченем күчүндө болгон мезгилде, анын пикири боюнча, түзүлгөн укук колдонуу практикасы бул укуктарды ишке ашырууну чектеп коюшу мүмкүн эле. Ошол эле учурда А.Т. Молдобаев кылмыш ишин кыскартуу же жазыктык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү менен жазык жоопкерчилигинен адамды бошотуу фактысына карабастан, айыпталуучунун материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча милдети сакталаарын баса белгилейт. Жогорку соттун өкүлү М.Н. Сапиянова мыйзам чыгаруучунун кылмыш-жаза процессуалдык жөнгө салуу чөйрөсүндө, анын ичинде эскирүү мөөнөтүн жана жазык иштерин токтотуунун шарттарын белгилөөдө кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарга ээ экендигин белгилейт. Анын пикири 8
боюнча, бул укуктук тактыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга, жазык сот өндүрүшүн оптималдаштырууга, процессуалдык үнөмдүүлүккө, сот адилеттиги системасынын ресурстарын натыйжалуу кайра бөлүштүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган, бул өз кезегинде жарандардын соттук коргоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. КЖПКнын материалдык зыяндын орду толтурулбаган учурда кылмыш ишин токтотуу мүмкүнчүлүгүн чектеген 26-беренесинин 3-1-бөлүгүн жокко чыгарылышына комментарий берүүдө М.Н. Сапиянова бул ченемди алып салуу өзүнчө алганда жабырлануучунун конституциялык укуктарын бузбай тургандыгын баса белгилейт. Мыйзамда алардын укуктарын коргоонун альтернативдүү, натыйжалуу механизмдери, анын ичинде материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жарандык доо коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, Жогорку соттун өкүлү баса белгилегендей, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренеси кылмыш аркылуу келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерди мамлекеттик алым төлөөдөн бошотот. Бул, анын пикири боюнча кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болооруна карабастан, жабырлануучулардын укуктарын натыйжалуу коргоо мүмкүнчүлүгүн тастыктайт. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен М.Н. Сапиянова арыз ээсинин жүйөлөрүн негизсиз деп эсептейт. Башкы прокуратуранын өкүлү Калыгул уулу Бакыт жалпысынан жоопкер тараптын позициясына окшош пикирин билдирди. Муну менен бирге, ал тергөө стадиясында, анын ичинде соттук отурумда доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү менен жазык ишин токтотууга айыпталуучунун макулдук билдирүүсү ага берилген кепилдиктерден ыктыярдуу жана аң-сезимдүү баш тартуу катары каралууга тийиш деп эсептейт. Мындай макулдук күнөөнүн моюнга алгандыгын далилдейт жана толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш болгон материалдык зыяндын бар экендигин тастыктайт. Болбосо кылмыш иши жалпы тартипте тиешелүү 9
өкүм чыгаруу менен каралууга тийиш. Ушуга байланыштуу Калыгул уулу Б., кылмыш иши боюнча мүлктүк талаш-тартыш болгондо, анын ичинде мамлекеттик алым төлөбөстөн же доонун эскирүү мөөнөтүн эске албастан мындай иштерге преюдициалдуулук берүүнү кошо алганда, материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө жарандык доолорду маңызы боюнча кароого жол берилет деп эсептейт. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) өкүлдөрү КЖПКнын 26-беренесинин 3-1-бөлүгүн жокко чыгаруунун кесепеттери боюнча макулдашылган позициясын билдиришти.
У.С.Аралбаев белгилегендей, мыйзамдагы мындай өзгөртүү
айыпталуучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруудан иш жүзүндө качуу үчүн шарттарды түздү, бул жабырлануучулардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө тоскоол болуп, калыс сот адилеттигинин принциптерине доо кетирет. Өз кезегинде А.Б. Аманов, кылмыш-жаза ишин токтотуунун шарты катары келтирилген зыяндын ордун алдын ала толтурууга милдеттендирген процессуалдык механизмди алып салуу Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келерин баса белгиледи. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Акыйкатчынын өкүлдөрү талашылып жаткан ченем бузулган укуктарды калыбына келтирүү, анын ичинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугунун кыскарышына алып келди деп эсептешет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү К.С. Сабыров, Ички иштер министрлигинин өкүлү А.Т. Абдыралиев, ошондой эле Юстиция министрлигинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү
А.Д.Джаркынбаев талашып жаткан ченемдин конституциялуулугу жөнүндө
позицияны билдиришип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысырановдун жүйөлөрүнө окшош жүйөлөрдү келтиришти. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү 10
жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. Конституциялык соттун бул иш боюнча кароосунун предмети
төмөнкүлөр болуп саналат: 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 ―Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй редакциядагы 3- беренесинин 5-пунктунун ―в‖ пунктчасы: ―3-берене.
5) 26-беренеде:
в) 3-1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.‖.
―Кылмыш-жаза мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасы Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, ―Эркин-Тоо‖ гезитинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат. ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ушуга байланыштуу, түшүндүрмө иретинде Конституциялык сот талашылып жаткан ченем өзүнүн укуктук табияты боюнча мурда колдонууда болгон укуктук жобону расмий түрдө күчүн жоготту деп таануу менен туюнтулган мыйзамдык техникалык жол-жобо болуп санала тургандыгын белгилөө зарыл деп эсептейт. Бирок мындай ченем формалдуу-техникалык мүнөзүнүн мотиви боюнча гана конституциялык контролдун предметинен алып салынышы мүмкүн эмес. Күчүн жоготту деп табуу техникалык жол-жобосу менен билдирилген 11
укуктук жөнгө салуудан ченемди алып салуу конституциялык укуктардын кепилдиктеринин системасынын иштешине кесепеттерди алып келүүгө жөндөмдүү юридикалык мааниге ээ аракет болуп саналат. Ошентип, ченемди алып салуу жөнүндө мыйзам чыгаруучунун эрк билдирүү ыкмасына эмес, конституциялык кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин көлөмүнө, мазмунуна жана иш жүзүндө ишке ашырылышына алардын тийгизген таасиринин позициясынан алганда, аны жокко чыгаруунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон же келип чыккан укуктук кесепеттерге баа берүү керек.
2. Конституцияда бекемделген адамдын жана жарандын укуктары
менен эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары таануу мамлекеттик бийлик системасы үчүн да, жалпысынан укук тартиби үчүн да фундаменталдуу багыт катары кызмат кылат. Бул декларативдүү билдирүү эмес, мамлекетке ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин толук ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуунун натыйжалуу укуктук механизмдерин түзүү милдетин жүктөөчү негизги конституциялык-укуктук талап болуп саналат. Бул контексттен алганда Конституциянын 56-беренеси системалык мааниге ээ, анын биринчи бөлүгү мамлекетти Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленген тартипте адамдын укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттендирет. Бул ал укуктарды жеткиликтүүлүк, эффективдүүлүк жана укуктук аныктык принциптерине ылайык иштеген укуктук система аркылуу институционалдаштырууну болжолдойт. Өз кезегинде ушул эле берененин 2-бөлүгүндө укуктарды жана эркиндиктерди жокко чыгаруучу же азайтуучу мыйзамдарды кабыл алууга директивалуу тыюу салуу камтылган. Бул жобо мыйзам чыгаруучунун кароосунун чектерин конституциялык укук тартибинин табиятынан келип чыгуучу императивдик чектөө катары белгиленет, ал мурда таанылган жана институционалдык жактан бекитилген 12
укуктук кепилдиктерге өзүм билемдик менен же регрессивдүү өзгөртүүлөргө жол бербейт. Ошондой эле, мыйзам чыгаруучунун дискрециялык ыйгарым укуктары дискрециянын чектерин белгилеген, адилеттиктин мазмунунан бөлүүгө болбой турган өлчөмдөштүк принциби менен да ажырагыс байланышта. Бул бир тараптын, атап айтканда, укук бузуу жасаган адамдын укуктук абалын кандайдыр бир жеңилдетүү экинчи тараптын — жабырлануучунун укуктарын ашыкча жана негизсиз чектөөгө алып келбеши керек дегенди билдирет, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга доо кетирбөөгө же кабыл алынуучу чечимдердин укуктук негиздүүлүгүнө жана мыйзамдуулугуна болгон ишенимди алсыратпоого тийиш.
3. Кылмыш-жаза сот адилеттиги системасы адамдын укуктары менен
эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдетин ишке ашырууда негизги орунду ээлейт. Анын милдети адамдарды жасаган кылмыштары үчүн жазык жоопкерчилигине тартуу гана эмес, ошондой эле мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, кылмыштар менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыздоо, кылмыш-жаза процессинин бардык катышуучуларынын укуктарын коргоо болуп саналат. Бул милдеттерди натыйжалуу чечүү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуучу коомдук-укуктук институт катары иштешин талап кылат. Бул контексттен алганда мыйзамдын үстөмдүгүн, тараптардын тең укуктуулугун камсыз кылууга, социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган процессуалдык кепилдиктер өзгөчө мааниге ээ. Бул белгиленген системанын алкагында кылмыш-жаза ишин кыскартуу институту кылмыш-жаза процессин оптималдаштырууга жана кылмыш-жаза репрессиясынын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган өз алдынча укуктук инструмент болуп саналат. Анын укуктук табияты жазык куугунтугун өкүм чыгарбастан аяктоо мүмкүнчүлүгүндө турат, бул негиздерге жараша адамдын 13
реабилитацияланууга укугун таанууга да, ошондой эле күнөөлүүлүгү төгүндөлбөстөн, бирок иш андан ары каралбай турган себептер боюнча жазык куугунтугун токтотууга да алып келиши мүмкүн. Муну менен бул институт мыйзам чыгаруучунун дифференцияланган мамилесин чагылдырат, мында жазык куугунтугун токтотуу мүмкүнчүлүгү иш боюнча андан аркы өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайларды аныктоодон да, ошондой эле реабилитацияланууга умтулуу менен, кыскартууга каршы пикирин билдирүүгө укугу бар айыпталуучунун эркинен да көз каранды. Алсак, КЖПКнын 27-беренесинде кылмыш-жаза ишин, анын ичинде жазык куугунтугун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартуу үчүн негиздер каралган. Аны сотко чейинки да, ошондой эле соттук стадияларда да колдонууга жол берилет, бул гуманизм принцибине негизделген жана мамлекеттин кечирим берүү актысын билдирген процессуалдык чечимдердин зарыл вариативдүүлүгүн камсыз кылат. Укук колдонуудагы ийкемдүүлүк жагынан укуктук чара көрүүнүн мындай формасы, айыпталуучу иштин кыскартылышына каршы болсо жана маңызы боюнча сотто кароого жетишүү ниетин билдирген учурларда колдонулбай тургандыгын баса белгилей кетүү керек. Дал ошондуктан кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар толук соттук териштирүүнүн алкагында өзүнүн күнөөсүздүгүн тастыктоого кызыкдар болгон айыпталуучунун эркин эске алган императивдүү көрсөтмөнү камтыйт (КЖПКнын 27-беренесинин 4-бөлүгү). Мындай мамиленин укук жагынан милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014- жылдын 19-мартындагы Чечиминде да тастыктоо тапкан, ага ылайык, эгерде айыпталуучу өзүн күнөөсүз деп эсептеп, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз боюнча кылмыш-жаза ишин кыскартууга каршы болсо, жазык өндүрүшү улантыла берет жана актоо өкүмүн же тийиштүү негиздер болсо жазаны өтөөдөн бошотуу менен айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт. Бул коргоо формасын тандоодо айыпталуучунун эркине артыкчылык берилишин 14
камсыздайт жана сот тартибинде акталууну каалагандыгына карабастан жазык куугунтугун токтотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Эгерде айыпталуучу кылмыш-жаза куугунтугун токтотууга каршы болбосо, бирок күнөөсүн моюнга албаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн мындай иштердин баарын маңызы боюнча соттук кароого жөнөтүү зарылчылыгы келип чыгат. Бул күнөөлүү экендигин аныктоонун бирден бир жол берилген конституциялык формасы болуп саналат (57- берененин 1-бөлүгү). Арыз ээсинин каралып жаткан кайрылуусунун контекстинде КЖПКнын 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясы эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин кыскартууга карата ушундай бир түркөй эмес жана макулдашылбаган укук колдонуу практикасын жаратты. Бул ченемге ылайык, эгерде айыпталуучу каршы болсо, ишти кыскартууга жол берилбейт. Иш жүзүндө бул ченем формалдуулук негизде чечмеленип, айыпталуучунун процессуалдык позициясын анын жазык куугунтугун токтотууга макулдугу же макул эместиги фактысына баа берүү менен чектелет. Мында айыпталуучунун өз күнөөсүн моюнга албоо сыяктуу юридикалык маанилүү жагдайлар талаптагыдай укуктук эсепке алынбаган бойдон калууда. Бирок белгиленген укуктук жобо сот адилеттигин ишке ашыруудан качуунун куралы катары каралышы мүмкүн эмес жана каралбашы керек. Өзгөчө тартипте жол берилген, мыйзамдык жактан белгиленген ийкемдүүлүк жазык сот өндүрүшүнүн негиз түзүүчү принциптерине доо кетирүүгө жөндөмдүү процессуалдык манипуляциялоо же берилген ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануунун каражатына айланышы мүмкүн эмес. Күнөөнү моюнга алуусу жок болсо, реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кылмыш-жаза ишин кыскартуу актоо же айыптоо өкүмүн токтом кылуу менен аяктаган процесстин алкагында соттук териштирүүсүз жана далилдерди талаптагыдай баалоосуз өндүрүштү бүтүрүүнүн формалдуу методу катары колдонулбашы керек. Ага тете, мындай жол-жобону өзүнүн 15
жасаган жосунуна укуктук квалификациялоо берилишинен атайылап качкан жана жасалган жосунга соттук баа берүүгө тоскоолдук кылган айыпталуучу үчүн куралга айландыруу да жол берилгис. Ошентип, Конституциялык сот кылмыш-жаза куугунтугун реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартуу мүмкүнбү же жокпу деген маселени айыпталуучунун күнөөнү моюнга алуу боюнча процессуалдык позициясынан бөлүп кароого болбойт деп баса белгилейт. Кылмыш-жаза ишин кыскартууга формалдуу макулдук, айыпталуучу өз күнөөсүн моюнга алганда жана анын жасаган жосунунун классификациясы, ошондой эле мындай моюнга алуунун бардык укуктук кесепеттери менен макул болгондо гана, юридикалык мааниге ээ болушу мүмкүн. Күнөөсүн моюнга алуу болбогон учурда, реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтугун кыскартууга жол берилбейт, анткени ал сот адилеттигинин маңызын процессуалдык формалдуулук менен алмаштырууга алып келет, жазык процессин чыныгы максатынан ажыратат. Мындай практика сот адилеттигинин конституциялык кепилдиктерин, анын ичинде соттук коргоого, мыйзамда каралган бардык ыкмалар менен бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө укуктарды бурмалап, натыйжасында кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн негизги максатына — чындыкты аныктоого, адилеттүүлүктү камсыз кылууга, бардык катышуучулардын укуктарын натыйжалуу коргоого жетишүүгө тоскоолдук кылат. Ушуга байланыштуу, бир түркөй эмес чечмелөөнү болтурбоо үчүн айыпталуучунун өз күнөөсүн моюнга албоосунун өзү жазык сот өндүрүшүн милдеттүү түрдө улантууга алып келерин жана аларды чечүү тагылган айыптын маңызы боюнча сот тартибинде гана мүмкүн экендигин белгилеген ченемдик тактоо талап кылынат. Ошол эле учурда, айыпталуучу өз күнөөсүн моюнга алган учурда гана кылмыш ишин реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартууга жол берилээри жөнүндө жогоруда келтирилген түшүндүрмөлөргө карабастан, 16
укук колдонуучуларга Конституциялык соттун 2023-жылдын 3-майындагы Чечиминде жана 2025-жылдын 11-июнундагы аны Түшүндүрүү жөнүндө токтомунда берилген башка конституциялык-укуктук жобону да эске алуулары зарыл. Бул позицияга ылайык кылмыш-жаза ишин реабилитациялоочу эмес негиздер, анын ичинде эскирүү мөөнөтү боюнча кыскартууга, эгерде мындай иштин жыйынтыгы башка сот өндүрүшүндөгү маселелерди чечүү үчүн преюдициалдык мааниге ээ болсо, жол берилбейт. Бул учурларда иш маңызы боюнча милдеттүү түрдө соттук кароого жатат. Жогоруда белгиленгендей, укуктук жөнгө салуу өзгөргөндө адамдын фундаменталдуу укуктарын жана эркиндиктерин кыйшаюусуз сактоо приоритетине таянып, аларды азайтуунун же жоюунун ар кандай формаларын болтурбоо зарыл. (Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгү).
4. Конституциялык сот өзүнүн укуктук позицияларында укуктарды
жана эркиндиктерди жокко чыгаруу адамдын конституциялык-укуктук статусунан конституциялык жактан бекемделген же жалпы таанылган укукту же эркиндикти алып салуу дегенди билдирет, ал эми аларды кемитүү укуктардын жана эркиндиктердин материалдык мазмунун азайтуу, алардын Конституцияда бекитилгенден алганда чектерин тарылтуу, ошондой эле укуктардын бир тобунун экинчисине (башка укуктарга) мамлекеттин артыкчылык берүүсүнүн натыйжасында укуктары менен эркиндиктеринин кепилденишин минималдаштыруу катары каралат деп түшүндүргөн. Айырмачылыгы, жокко чыгаруу – укуктун мүмкүнчүлүгүнүн өзүн четке кагууну, укуктан расмий түрдө баш тартууну, ал эми кемитүү – мында укук жокко чыгарылбайт, бирок ченемдик жөнгө салуунун натыйжасында укуктун кепилденген көлөмү азайгандан тартып толугу менен жоюлганга чейинки көрүнүштү билдирет. Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин азайтуунун же жокко чыгаруунун жол берилбестигине карата жазылган көрсөтмөнүн логикалык өнүгүүсү КЖПКнын 3-беренесинин 2-бөлүгүндө бекемдөө тапкан, ага ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарынын 17
көлөмүнө же мазмунуна таасир этүүчү процессуалдык тартип өзгөргөндө, алардын укуктук абалын начарлатуучу ченемдердин өткөн мезгилге карата колдонулушуна тыюу салуу принциби кынтыксыз сакталууга тийиш. Башка бардык укуктук кырдаалдарда, эгерде Кодекстин өзүндө башкача каралбаса, процессуалдык иш-аракетти аткаруу же процессуалдык чечимди кабыл алуу учурунда колдонуудагы кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат (КЖПКнын 3-беренесинин 1-бөлүгү). Ошону менен бирге, арыз ээсинин каралып жаткан маселесинин контекстинде кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын убакыт боюнча колдонуу принцибине, атап айтканда, тийиштүү жөнгө салуу киргизилгенге чейин башталган, аяктай элек кылмыш-жаза өндүрүшүндө келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурбоодо эскирүү мөөнөтү боюнча жазык ишин кыскартууга жаңыдан киргизилген тыюуну колдонулушунун укуктук жол берилишине байланыштуу талаштуу укук колдонуу келип чыккан. Анткени көрсөтүлгөн жагдай компетенттүү органдар тарабынан айыпталуучунун гана укуктук абалын кемитүү жана оордотуу катары колдонулган. Конституциялык сот кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн адилеттүүлүк критерийлери процессуалдык жол-жоболорду сактоо менен эле чектелбестен, ошондой эле кылмыш-жаза процессинин бардык катышуучуларынын бузулган укуктарын иш жүзүндө калыбына келтирүүнү жана коргоону камтыйт деп белгилейт. Башкача айтканда, чыныгы адилеттүүлүк мыйзамдуулукту гана эмес, ошондой эле айыпталуучунун да, жабырлануучунун да кызыкчылыктарынын эске алынышын жана тең салмактуулугун камсыз кылуучу укуктук коргоонун толуктугун болжолдойт.
5. Мындай тең салмактуулуктун негизги элементтеринин бири болуп
кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу кепилдиги саналат. Бул айтылгандын конституциялык негизи Баш Мыйзамдын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө бар, анда ар бир адамга укуксуз 18
иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугу бекитилген. Келтирилген материалдык зыяндын ордун мындай толтуртуу кылмыш- жаза куугунтугунун факультативдик кесепети эмес, тескерисинче, анын системалуу шартталган жана милдеттүү максаты болуп саналат, ал жогоруда аталган конституциялык жоболордон да, КЖПКнын 6-беренесинде белгиленген милдеттерден да келип чыгат. Зыян келтирүү фактысын аныктоо, жабырлануучуну таануу жана анын зыяндын ордун толтурууга укугун ишке ашыруу – кылмыш-жаза юстициясынын туунду же экинчи даражадагы аспектилери эмес, укуктук коргоонун структуралык жактан маанилүү компоненттери болуп саналат. Бул көз караштан алганда, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамга келтирилген зыяндын ордун толтурбоодо эскирүү мөөнөтү боюнча жазык ишин кыскартуунун жол берилбестиги жөнүндө жобону киргизүү ретроактивдүү жөнгө салуунун (артка карай колдонуу) көрүнүшү катары каралбашы керек. Мында, ал бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекетке берилген коомдук милдетинин туюнтулушу катары кызмат кылат. Доонун эскириши институтун, өз кезегинде, процесстин катышуучуларынын корголбогон укугу катары эмес, тескерисинче, мамлекеттик кечиримдүүлүк чарасы, белгилүү бир шарттар сакталганда гана мамлекет тарабынан жол берилүүчү боорукерлик актысы катары кабылдоо керек. Тиешелүү түрдө, ал айыпталуучуга милдеттүү процессуалдык артыкчылык бербейт, анткени аны колдонуунун чеги мамлекет тарабынан гана аныкталат. Дал ошондуктан, эскирүү мөөнөтү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу институтун колдонуунун тартибин өзгөртүү айыпталуучунун негизги укуктарынын мазмунуна таасир этпейт, анткени бул анын конституциялык же мыйзам менен кепилденген укуктарына эч кандай шек келтирбейт жана бузбайт. Тагыраак айтканда, алардын коргонуу укугун 19
жокко чыгарбайт, жазаны күчөтпөйт, жаңы жоопкерчилик киргизбейт, кошумча жазага алып келбейт, классификацияны өзгөртпөйт, жаңы милдетти белгилебейт. Ошентип, Конституциялык сот, КЖПКда келтирилген зыяндын ордун толтурбоодо эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү боюнча кылмыш-жазык ишин токтотууга жол берилбестиги жөнүндө шарттарды белгилөө айыпталуучунун укуктук абалын начарлатуучу же төмөндөтүүчү ченем катары квалификацияланышы мүмкүн эмес деген тыянакка келди. Доонун эскириши институтунун укуктук табияты анын диспозитивдүү мүнөзүн жана мыйзам чыгаруу эркиндигинин алкагында түзүлгөндүгүн көрсөтөт, тагыраак айтканда, гумандаштыруунун мамлекеттик жазык саясатынын ажырагыс бөлүгү, бирок процесстин катышуучусунун бекитилбеген субъективдүү укугун билдирет. Демек, аны колдонуу шарттарын түзөтүү менен мыйзам чыгаруучу Конституцияда кепилденген укуктардын мазмунун козгобогон, дискрециялык артыкчылыкты ишке ашырган. Мындан тышкары, келтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы айыпталуучуга каршы жаңы новелла эмес, тескерисинче, ар бир адамдын мыйзамсыз аракеттер менен ага келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуртуу укугунан келип чыккан мамлекеттин конституциялык милдеттенмесин ишке ашыруунун жолдорунун бири экендигин баса белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу, КЖПКнын 3-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын укуктарын азайткан же чектеген ченемдердин артка карай колдонулушуна тыюу салууну белгилеген ченем зыяндын ордун толтубоодо эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги боюнча кыскартуу предметине каралуучу аяктай элек кылмыш-жаза иштерине карата колдонууга жатпайт. Андыктан, айыпталуучунун процессуалдык укуктарынын белгиленген көлөмүн иш жүзүндө бузуунун жоктугун эске алуу менен, КЖПКнын 3- беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген жалпы эреже колдонулат, ага ылайык кылмыш-жаза процессуалдык ченемдер, жосундун жасалган убактысына 20
карабастан, алар күчүнө киргенден кийин аткарылуучу процессуалдык аракеттерге жана чечимдерге карата колдонулат. Мындан тышкары, Конституциялык сот келтирилген зыяндын ордун толтурбоодо эскирүү мөөнөтү өткөндүгү боюнча кылмыш ишин кыскартууга тыюу салуу жок болгон мезгилде процессуалдык чечимдерди кабыл алуу ошол учурда колдонулуп жаткан укуктук жөнгө салууга ылайык келгендигин, демек, алардын мыйзамдуулугу көз карашынан алганда күмөн саноого мүмкүн эместигин түшүндүрөт. Мындай жөнгө салуу мыйзамдын күчүндө болгон мезгил ичинде укук ченемдүү болгон, андыктан ретроспективдүү баа берүүгө жатпайт. Бул ченемдин кийин укук системасында калыбына келтирилиши мурда кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугун жокко чыгарбайт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. 2021-жылдын 10-мартындагы ―Кылмыш-жаза мыйзамдары
чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктунун ―в‖ пунктчасы Конституциялык соттун ушул Чечиминин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө билдирилген конституциялык-укуктук мааниде 2017-жылдагы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26- беренесинин 3-бөлүгүн, ошондой эле 2021-жылдагы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 4-бөлүгүн укук колдонуу шартында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24- 21
беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1- 2-бөлүктөрүнө, ошондой эле 61- беренесинин 1,2- бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы
укуктук жөнгө салууга ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында‖ жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 22
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2021 · № 29
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 16.02.2024 · № 50