Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлери багытына караштуу жер участокторуна мүлккө салык наркын бекитүү жөнүндө» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы 2024-жылдын 17-декабры № 10 Айыл чарба жерлери багытына караштуу жер участокторуна мүлккө салык наркын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу жана Миң-Булак айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн эффективдүү уюштуруу максатында, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мин-Булак айыл аймагы боюнча айыл чарба жерлерине караштуу жер участокторуна, мүлккө салык эсептөө үчүн мурунку Садовое айыл өкмөтүнүн салык наркы негиз болуп алынсын.
2. Мин-Булак айыл аймагы боюнча айыл чарба жерлерине караштуу жер участокторуна, мүлккө салык эсептөө үчүн төмөндөгүдөй негизги салык наркы (сом/кв.м.) бекитилсин:
Негизги салык наркы (сом/кв.м.)
Сугат айдоо жерлери
Кайрак жерлери
Көп жылдык көчөттөр
Чабык
Жайыт
510
87,2
215
38,6
10
3. Ушул токтом Москва райондук мамлекеттик салык башкармалыгына жеткирилсин жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү төрайымдын орун басары Н.Б.Асаналиевке, бюджет, каржы, инвестиция жана грант долбоорлору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Асадова А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябры № 156 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2023 · № 156