21-берене. Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 241
1. Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык, мыйзамдуулук принциптеринин, медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруунун кепилдиктеринин; медициналык, алдын алуучу жана дарылык жардамдын этикалык ченемдерин жана коопсуздугун сактоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
Медициналык иштин айрым түрлөрү боюнча жеке медициналык практиканы жүргүзүү укугуна, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээ боло алат. Мында медициналык иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жеке медициналык практиканы жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке жактар өз ишин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт.
3. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевггик иш менен алектенген жеке жактар Бирдиктүү төлөөчүнүн функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген орган менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга катыша алат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген, жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары медициналык ишти милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын иши уюмдун уюмдаштыруучунун (менчик ээсинин), уюмдун жана/же соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
5. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандар, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саламаттык сактоо жаатындагы башкаруу органдары менен келишимдердин негизинде медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
2) мамлекеттик кепилдиктер, медициналык камсыздандыруу программаларын, саламаттык сактоонун максаттуу программаларын ишке ашырууга катышууга;
3) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык маалыматтарды алууга.
6. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика менен алектенген жеке жактар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте медициналык документтерди, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүүгө, медициналык так отчеттуулук документтеринин бланктарын пайдаланууга укуктуу.
7. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бүтүндөй статистикалык эсепке алууну жүргүзүүгө жана аларды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө, саламаттык сактоо органдарына алар тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу жардам боюнча отчеттуулукту берүүгө, алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
8. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке жактардын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Жеке медициналык иштин субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын сапатын контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, бейтаптардын укуктарын коргоо боюнча уюмдар тарабынан алардын уставдык ишине ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Жеке медициналык же фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын ишин контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ченемдерин жана коопсуздугун сактоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
кошулду: Медициналык иштин айрым түрлөрү боюнча жеке медициналык практиканы жүргүзүү укугуна, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээ боло алат. Мында медициналык иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Жеке медициналык практиканы жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, … жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 "Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз…Постановление · 30.05.2025 · № 299
- КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-жылдагы №299 токтомуПостановление · 30.05.2025 · № КМ №299
- Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилдиЗакон · 29.10.2025
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>