Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 января 2025 года № 22
1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ.
2. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резерви түзүлөт.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бир эле уюмдун жетекчилик кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана бөлүм башчысы жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштөөнү врачтык практика менен айкалыштыра албайт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн талаптарды мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин же бөлүм башчысынын аткарбоосу аларды 10 жумуш күндүн ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.
6. Дайындалышы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка тартипте жүзөгө ашырылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын айрым түрлөрүнүн жетекчилерин дайындоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумунун мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервинин курамынын ичинен гана жүзөгө ашырылат.
7. Саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же болбосо тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтар түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттенишет.
(КР 2025-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>