КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-жылдагы №299 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
Камсыздандырылган калктын жана калктын жеңилдетилген категорияларынын амбулаториялык деңгээлде дары каражаттарына экономикалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21, 26, 53, 148-беренелерине, «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 16-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Дарыкана уюмдары аркылуу оорулуулардын жеңилдетилген категориясын амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дарыкана уюмдары аркылуу калктын камсыздандырылган категориясын жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
9-декабрындагы № 320 «Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
12-январындагы № 28 «Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
28-февралындагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 «Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
3-мартындагы № 136 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 15-февралындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 «Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (8)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2017 · № 136
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы №320 "Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2010 · № 320 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №28 "Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде…Постановление · 12.01.2012 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 "Дары-дармек каражаттарына…Постановление · 15.02.2023 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 «Дары-дармек каражаттарына базистик баалар…Постановление · 28.02.2012 · № 149 · Күчүн жоготкон