Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускама (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-декабрындагы №9-Б буйругуна ылайык
Тирекеме
Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускама
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускама (мындан ары - Нускама) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кыргыз тарапта чыгарылган товарларга карата преференция берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кыргыз тарапта чыгарылган товарларга карата преференциялар
2. Преференцияларды берүүдө сатып алуучу уюм/Агент “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүн жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
3. Чектелбеген методу же котировкаларды суратуунун методу менен жүргүзүүдө төмөнкүдөгү белгиленген өлчөмдөгү преференциялык түзөтүүлөр колдонулат:
15 пайыз - катышуучу Кыргыз Республикасында чыгарылган жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасында улуттук режим берилген товарларды сунуш кылган учурда; 25 пайыз – катышуучу, майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн Кыргыз Республикасынын майыптары тарабынан жасалган товарларды сунуш кылган учурда.
4. Кыргыз тарапта чыгарылган товарларга карата 15 же 25 пайыз өлчөмүндөгү преференциялар төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
- товарларды мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууда, анда сатып алуунун жеңүүчүсү сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн сатып алууга катышууга сунушту баалоонун жана салыштыруунун критерийлеринин негизинде же эң төмөнкү бааны сунуштаган жеңүүчү тарабынан аныкталат. Кыргыз тарапта чыгарылган товарларды берүү жөнүндө сунуштарды камтыган сатып алууга катышууга табыштамаларды баалоо жана салыштыруу баалоонун нарктык критерийлери боюнча контракттын сунушталган баасы боюнча 15 же 25 пайызга төмөндөтүлөт, мында контракт, берүүчү сунуштаган контракттын баасы боюнча түзүлөт.
5. Сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгууда сатып алуучу уюмга/Агентке төмөнкүдөй талаптар каралсын, алар преференцияларды колдонууга ырастоочу документтер болуп саналат:
- товарларды сатып алууда, товар берүүчү катталган өлкө боюнча маалыматтар;
- чыгарылган өлкөнүн аталышын көрсөтүү менен сунушталган товарлардын келип чыгышынын сертификатын берүү;
- техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген шайкештикти стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык продукциянын коопсуздугун жана сапатын тастыктаган сертификаттар;
- жумушчулардын жалпы санын, майыптардын санын, майыптыгын ырастаган күбөлүктүн номерин жана алардын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн Кыргыз Республикасынын уюмунун жетекчисинин колу коюлган документ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы же Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өздүк өндүрүштөгү товарга берилүүчү сертификат.
6. Алдыда боло турган сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну жарыялоодо преференция берүү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
7. Преференция берүү үчүн берүүчүлөрдүн сунушун берүүчүлөрдүн анык, четке кагылбаган сунуштарына гана салыштырууга болот, башкача айтканда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине, анын ичинде ушул Нускаманын 4-пунктуна ылайык сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына ылайык берүүчүлөрдүн сунуштарына салыштырууга болот.
8. Преференцияны колдонуу жол-жобосу берүүчүнүн сунушунун колдонуу мөөнөтүндө жүргүзүлөт.
9. Преференцияны колдонуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №489-токтому менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү тартибине ылайык баалоонун төрт этабы ишке ашырылгандан кийин жүргүзүлөт.
10.Бул Нускама төмөнкү учурларда колдонулбайт:
1) сатып алуу жокко чыгарылса же болгон жок деп таанылса;
2) сатып алууга катышууга берүүчүнүн бир гана сунушу келип түшсө;
3) берүүчүнүн сунушунда кыргыз тарапта чыгарылган товарды берүү жөнүндө сунуш камтылбаса;
4) берүүчүнүн сунушун баалоо этаптарынан кийин кыргыз тарапта чыгарылган товарларды же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден гана чыгарылган товарларды сунуштоочулар гана калса.
11. Баалоонун жүрүшүндө, эгерде преференция берилгенден кийин, берүүчүнүн кыргыз тарапта чыгарылган товардын баасы, кыргыз тарапта чыгарылбаган товарды сунуштаган берүүчүнүн баасынан төмөн же ага барабар болуп калса, анда кыргыз тарапта чыгарылган товарды берүүчү жеңүүчү деп аныкталат, мында кыргыз тарапта чыгарылган товардын берүүчүсү менен контракт, анын сунуштаган баасы боюнча түзүлөт.
12. Берүүчүнүн сунушуна акыркы баа берүү 1-тиркемеге же 2-тиркемеге ылайык преференцияларды эске алуу менен сатып алуулар жол-жобосунун протоколунда чагылдырылууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 "Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2023 · № 489
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 9-Б "Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПриказ · 27.12.2023 · № 9-б