Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин «Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 27-декабры № 9-Б Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы бекитүү жөнүндө
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн жана ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:
1) катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ушул буйрукка ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоону жана жөнгө салууну жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары У.И.Календеровго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын финансы министри
А.К.Бакетаев
Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускамага 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга преференциялар
Конкурстун катышуучусу
Берүүчү сунуштаган баа
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга преференциялар (%)
Преференция баасы
Преференцияны эске алуу менен баа
(а)
(б)
(в)
(г) = (б)х(в)/100
(д) = (б) - (г)
Ата мекендик өндүрүш товарларын сунуш кылган берүүчүнүн сунушу
5500
15%
825 = 5500х15/100
4675=5500-825
Чет өлкөдө өндүрүлгөн товарларды сунуштаган берүүчүнүн сунушу
5000
-
-
5000
(а) графасында мамлекеттик таандыктыгын көрсөтүү менен конкурстун катышуучусу көрсөтүлөт (б) графасында берүүчүнүн сунушталган баасы көрсөтүлөт (в) графасында преференциянын пайызы көрсөтүлөт (г) графасында ата мекендик өндүрүштөгү товарды сунуштаган конкурстук табыштаманын баасынан преференциянын баасы көрсөтүлөт (д) графасында преференцияны эске алуу менен баа көрсөтүлөт Преференцияны колдонуунун натыйжалары боюнча конкурстук комиссия төмөнкүлөрдү аныктады: ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________
Конкурстук комиссиянын курамы:______________ ___________________________________________ ___________________________________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири: ___________________________________________
Преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускамага 2-тиркеме
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (майыптар) түзгөн товарларга преференциялар
Конкурстун катышуучусу
Берүүчү сунуштаган баа
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга преференциялар (%)
Преференция баасы
Преференцияны эске алуу менен баа
(а)
(б)
(в)
(г) = (б)х(в)/100
(д) = (б) - (г)
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (майыптар) тарабынан түзүлгөн ата мекендик өндүрүштөгү товар берүүчүнүн сунушу
5500
25%
1375 = 5500х25/100
4125=5500-1375
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (майыптар) тарабынан түзүлгөн чет өлкөлүк өндүрүштөгү товар берүүчүнүн сунушу
4500
-
-
4500
(а) графасында мамлекеттик таандыктыгын көрсөтүү менен конкурстун катышуучусу көрсөтүлөт (б) графасында берүүчүнүн сунушталган баасы көрсөтүлөт (в) графасында преференциянын пайызы көрсөтүлөт (г) графасында ата мекендик өндүрүштөгү товарды сунуштаган конкурстук табыштамалардын баасынан преференциялардын баасы көрсөтүлөт (д) графасында преференцияны эске алуу менен баа көрсөтүлөт
Преференцияны колдонуунун натыйжалары боюнча конкурстук комиссия төмөнкүлөрдү аныктады: ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________
Конкурстук комиссиянын курамы:___________________________________________ ________________________________________________________________________
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири: _________________________ _______________________________________________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27