Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Токмокского городского кенеша от 18 декабря 2023 года № 172/30-5 "О даче согласия на создание Управления по контролю и сбору местных налогов мэрии г.Токмок"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-18.
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 172/30-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIX СЕССИЯСЫ 2015-жылдын 26-февралы № 155/19-3
Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 21.02.2015-ж. кир. №55/1-22 Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүү жөнүндө өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.07.2014-ж. №413 токтому менен бекитилген, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын жүргүзүү тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык, жергиликтүү бюджетти толтуруу үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү салыктарды натыйжалуу чогултуу максатында, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. жергиликтүү салыктарын контролдоо жана чогултуу боюнча башкармалыгын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2004-жылдын 9-апрелиндеги №33/7-1 токтому жана Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы №20/6-3 токтому өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3. Токмок шаардык кеңешинин аппараты тарабынан, бул токтом катталып жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р.Таманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 172/30-5 "Токмок шаарынын мэриясына караштуу жергиликтүү салыктар жана жыйымдар башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү…Постановление · 18.12.2023 · № 172/30-5
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 23.07.2014 · № 413
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон