31-статья. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылган жашы жетпегендерди жана аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарды ырастоодон өткөрүү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылган 18 жашка чейинки жашы жетпеген бала жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам, ушул Мыйзамдын 32-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясынын ырастоосунан милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш. Алгачкы алты айдын ичинде бул адамдар, жайгаштырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн айына бир жолудан кем эмес врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосунан өтүп турууга тийиш. Жайгаштыруу алты айдан ашуунга узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосу алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
2. Врач-психиатрлар комиссиясы же психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан 18 жашка чейинки жашы жетпеген баланы, болбосо мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамды жайгаштырууда кыянатчылыктарга жол берилгендиги айкындалганда психиатриялык стационардын администрациясы бул жөнүндө өздөрүнүн кароосундагынын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө билдиришет.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-31" title="31-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>