Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 220 (Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227, 2023-жылдын 16-январындагы ПТ № 4, 2024-жылдын 1-ноябрындагы ПТ № 262 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2022-жылдын 14-ноябры ПТ № 220 Укук коргоо жана сот ишин өркүндөтүү, адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2025-жылдын 1-майына чейин:
- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
- (КР Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна иштелип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун киргизсин.
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Тиркеме
Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы ПТ № 262 тескемесинин редакциясына ылайык)
Укушов Мурат Каниметович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Апсатаров Азамат Бекбосунович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Мусаев Нурлан Алишерович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары;
Конкубаева Умуткан Ургазиевна
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;
Гилязетдинова Инара Ильгизовна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;
Джаналиев Бекболот Болотбекович
-
Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары;
Сабитова Жамиля Сабитовна
-
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык сотунун судьясы;
Молдобаев Алмазбек Тавалдыевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү;
Конгантиева Зарема Камбаралиевна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Калиев Талгатбек Кубанычбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
Шейшеканов Данияр Турдубекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
Арстанбеков Мирбек Арстанбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
Коомбаев Абдиш Абазович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
Акимбаев Азат Асылбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
Байдылдаев Кумарбек Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;
Токтакунов Кумарбек Кыдырбекович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жазык, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;
Таштанов Нуржан Анарбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды экспертизалоо жана ишти уюштуруу башкармалыгынын башчысынын орун басары;
Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды экспертизалоо жана ишти уюштуруу башкармалыгынын прокурору;
Эшимкан уулу Нурдин
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары;
Текебаев Роланд Маратович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш-жаза издөө башкы башкармалыгынын биринчи башкармалыгынын башчысы;
Маматкулов Азамат Токтосунович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү;
Быкын уулу Рысбек
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Укуктук жактан камсыз кылуу кызматынын башчысынын орун басары;
Элгондиев Нурлан Токтобекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Укуктук жактан камсыз кылуу кызматынын бөлүмүнүн башчысы;
Тюлегенов Аслан Шаирбекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын башчысынын орун басары - бөлүмдүн башчысы
Дадыбаев Тилек Кольбекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы;
Марат Адилет
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Бабаев Жыргал Олжобаевич
-
адвокат;
Адигенеев Замирбек Каныбекович
-
адвокат;
Жанаев Тимур Журсунбекович
-
адвокат;
Ирлан уулу Алманбет
-
адвокат;
Ногоев Акынбек Кубатбекович
-
адвокат;
Сапиянова Маргарита Насаркановна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Масалбеков Каныбек Толубаевич
-
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси;
Аширматова Жайнагуль Кубанычбековна
-
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын укуктук жана аналитикалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Толобалдиев Максат Эсенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын укуктук жана аналитикалык камсыздоо башкармалыгынын улук консультанты.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 4
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Матцаков С. А. кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечимКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 31.01.2024
Цитата келтиргендер (4)
- Матцаков С. А. кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечимРешение Конституционного суда · 31.01.2024
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Распоряжение · 05.12.2022 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы ПТ N 262 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы N 220 тескемесине өзгөртүү киргизүү…Распоряжение · 01.11.2024 · № 262
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-январындагы ПТ № 4 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүү киргизүү…Распоряжение · 16.01.2023 · № 4
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Распоряжение · 05.12.2022 · № 227
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.07.2023
7 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы N 678-т (Минск шаарында 1995-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь…Распоряжение · 15.12.2022 · № 678-р