Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН БУЙРУГУ 2022-жылдын 15-декабры № 678-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Минск шаарында 1995-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Долбоор
Минск шаарында 1995-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Келишим түзүп жаткан Тараптар деп аталып, Минск шаарында 1995-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катташ жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, эки мамлекеттин ортосундагы автомобилдик катташты андан ары өнүктүрүүгө умтулуусун билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Макулдашуунун 3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3-берене. Жүргүнчүлөрдү автотранспорт каражаттары менен туруктуу эмес ташуулар уруксатсыз аткарылат. Туруктуу эмес ташууларды аткарууда автобустун айдоочусунда жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү жазылган тизме болууга тийиш.". 2-берене. Макулдашуунун 4-беренеси алып салынсын. 3-берене. Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5-берене. Жүктөрдү автотранспорт каражаттары менен ташуулар уруксатсыз аткарылат.". 4-берене. Макулдашуунун 6-беренеси алып салынсын. 5-берене. Макулдашуунун 7-беренеси алып салынсын. 6-берене. Макулдашуунун 11-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Сүйрөгүчү менен бирге катталган жана каттоо жөнүндө бир күбөлүгү бар жарым чиркегичтерден тышкары, чиркегичтерде жана жарым чиркегичтерде башка мамлекеттердин каттоо жана айырмалоочу белгилери болушу мүмкүн.". 7-берене. Макулдашууну колдонуу тууралуу Аткаруу протоколунун 3-пункту алып салынсын. 8-берене. Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Келишим түзүп жаткан Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып күчүнө кирет.
2022-жылдын "____" ___________ шаарында, эки нускада, ар бири кыргыз, беларусь жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.