Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү нү бекитүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Руководителя Аппарата Правительства министра КР от 1 марта 2021 года № 19 "Об утверждении распределении обязанностей между Руководителем Аппарата Правительства - министром Кыргызской Республики и его заместителями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-12-07.
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ МИНИСТР БУЙРУК 2019-жылдын 19-сентябры № 169 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2020-жылдын 21 октябрындагы № 119 2020-жылдын 7-декабрындагы № 131 буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 23-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 134 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 161 буйругу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
С.Кылжыев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда МИЛДЕТТЕРДИ БӨЛҮШТҮРҮҮ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2020-жылдын 21 октябрындагы № 119 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 2020-жылдын 7-декабрындагы № 131 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр) жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер) ишин уюштуруучулук, аналитикалык жана маалыматтык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) ишин жалпы жетектейт жана контролдойт, ошондой эле Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын иштерин координациялайт. Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмүн чыңдоо чараларын ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, аткаруу бийлигинин органдарынын жана алардын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Өлкөдөгү кырдаалды, аймактардын экономикалык жана социалдык абалын, тескеген чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегияларды, программаларды жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууну баалоо боюнча мониторинг жүргүзүү, аналитикалык жана маалыматтык иш боюнча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын тышкы саясатты ишке ашыруу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын финансы жана кредит саясатын жүргүзүү, салыктарды жана бажы төлөмдөрүн башкаруу, финансы рыногун өнүктүрүү, мамлекеттик сатып алуулар, республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын коргонуу жөндөмү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, укуктук тартипти камсыздоо, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, экономикалык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө, жазаларды аткарууну камсыздоо, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн, Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөр менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт. Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү, чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыздоо маселелери боюнча ишин координациялайт. Аткаруу бийлигинин органдарынын жарандардын кайрылуулары маселелери боюнча ишин координациялайт жана мониторинг жүргүзөт. Өкмөттүн жыйындарын жана Премьер-министрдин катышуусундагы кеңешмелерди өткөрүүнү уюштуруучулук-методикалык жана протоколдук камсыздоо боюнча чараларды көрөт. Төмөнкүлөр боюнча иштерди координациялайт:
- Өкмөттүн маалыматтык ресурстарын түзүү жана талаптагыдай абалда сактоо боюнча, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү жана "электрондук өкмөттү" иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин;
- Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Премьер-министрдин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларды жана документтерди даярдоонун жана тариздөөнүн стандарттарын сактоо менен Өкмөттүн Регламентинин, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарынын аткарылышын контролдоо.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тескеген чөйрөлөрдөгү аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аткарылышын координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана талдайт. Аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына анын компетенциясына кирген маселелер боюнча өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тапшырма берет. Премьер-министрдин номенклатурасына кирген Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тууралуу Премьер-министрге сунуштарды киргизет. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин номенклатурасына кирген Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт жана аларга карата тартиптик жазаларды колдонот, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн Өкмөттүн Аппаратынын ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурат. Өкмөттүн Аппаратынын ишине таандык болгон маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте Премьер-министрге бекитүүгө киргизет. Премьер-министрге Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы боюнча сунуштарды киргизет. Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүдө мамлекеттик протоколдун сакталышы боюнча чараларды көрөт. Жашыруун режимди сактоо, мамлекеттик сырды түзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу маалыматтарды коргоо боюнча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын бюджети боюнча сунуштарды түзөт жана белгиленген тартипте киргизет. Өкмөттүн Аппаратынын ишин финансы-чарбалык жактан камсыздоо маселелерин тескейт. Өкмөттүн Аппаратынын чыгымдар сметасынын чегинде финансылык каражаттарды тескейт. Өкмөттүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт. Тескеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш пландарын жана отчетторун карайт жана бекитет. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт:
- финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн;
- эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн;
- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн;
- адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн;
- маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн;
- Өкмөттүн Аппаратынын канцеляриясынын.
2. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин милдеттерин ал жок учурда аткарат. Өкмөттүн Аппаратынын экономикалык реформаларды жүргүзүү, экономикалык өнүктүрүүнү талдоо, болжолдоо жана пландоо, бизнес чөйрөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, инвестициялык, фискалдык, баа, тарифтик жана монополияга каршы саясат, мамлекеттик менчик, Евразия экономикалык бирлиги менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн кароосуна берилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Өкмөттүн кароосуна берилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Соттордо өкмөттүн кызыкчылыктарын коргоо маселелерин координациялайт.»; Аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, мониторинг, талдоо жүргүзөт жана тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тейлеген чөйрөлөрдө аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аткарылышын координациялайт, мониторинг жана талдоо жүргүзөт. Тейлеген чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стратегияларды жана программаларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Премьер-министрге аналитикалык жана маалымдама материалдарын даярдайт. Тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш пландарын жана отчетторун карайт жана бекитет. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт:
- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн;
- экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн;
- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн;
- маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн;
- санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын.
Өкмөттүн Аппаратынын Ачык Өкмөттүн Улуттук форумунун катчылыгы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
3. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү (мындан ары - туруктуу өкүл) Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүн жетектейт. Туруктуу өкүл Өкмөттүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өкмөттүн натыйжалуу жана ыкчам өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо жана мыйзам долбоорлоо иши боюнча ишин координациялайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Өкмөттүн кызыкчылыктарын коргойт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын чечимдеринин жана суроо-талаптарынын, депутаттык фракцияларынын жана депутаттарынын суроо-талаптарынын аткаруусуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
4. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү (мындан ары - Атайын өкүл) чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелери боюнча иштерди координациялайт жана мониторинг жүргүзөт. Атайын өкүлдүн компетенциясына кирген маселелерде анын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин мекемелеринде жана уюмдарында Өкмөттүн Аппаратынын жана Өкмөттүн атынан чыгат. Атайын өкүл чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана редемаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт. Атайын өкүлдүн катчылыгы (бөлүмдүн укугунда) Атайын өкүлдүн ишин камсыздайт.
5. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары Өкмөттүн Аппаратынын төмөнкү маселелер боюнча ишин координациялайт:
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жана пенсиялык камсыздоо, маданият, илим, спорт, эмгек жана миграция, интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдерди коргоо; жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча ишти координациялоо; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин аткарылышын контролдоону камсыздоо, ошондой эле санитардык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө;
- отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана минералдык ресурстар, өнөр жай;
- агроөнөр жай комплексин жана жаратылышты пайдаланууну өнүктүрүү, жер реформасы, суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдеги материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана пайдалануу, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө;
- транспорт жана коммуникациялар, курулуш жана архитектура, турак жай-коммуналдык чарба, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) Тейлеген чөйрөлөрдө аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, мониторинг, талдоо жүргүзөт жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тейлеген чөйрөлөрдө аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аткарылышын координациялайт, мониторинг жана талдоо жүргүзөт. Тейлеген чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стратегияларды жана программаларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Премьер-министрге аналитикалык жана маалымдама материалдарын даярдайт. (Абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту) Тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш пландарын жана отчетторун карайт жана бекитет. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт:
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн;
- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн;
- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн;
- социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн;
- билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн;
- (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
6. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Өкмөттүн Аппаратынын региондордогу уюштуруу-инспектордук иштери, административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, региондорду комплекстүү өнүктүрүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт жана мониторинг жүргүзөт, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары менен коомдук кеңештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү координациялайт жана ага мониторинг жүргүзөт. Аткаруу бийлигинин органдарынын системасын оптималдаштыруу, аткаруу бийлигинин органдарында мамлекеттик кызматты өркүндөтүү, башкаруу ишин жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда…Распоряжение · 01.03.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.11.2020 · № 124 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси министринин 2020-жылдын 7-декабрындагы № 131 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169…Распоряжение · 07.12.2020 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министр 2020-жылдын 21-октябрындагы № 119 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын…Распоряжение · 21.10.2020 · № 119 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда…Распоряжение · 01.03.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 124 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.11.2020 · № 124 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.