Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министр (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Руководителя Аппарата Правительства министра КР от 1 марта 2021 года № 19 "Об утверждении распределении обязанностей между Руководителем Аппарата Правительства - министром Кыргызской Республики и его заместителями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-10-21.
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР БУЙРУК 2020-жылдын 21-октябры № 119 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 23-пунктуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
1) 1 -главада жыйырма үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-главада:
- үчүнчү-бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык технологиялар жана
байланыш маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн кароосуна берилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Өкмөттүн кароосуна берилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Соттордо өкмөттүн кызыкчылыктарын коргоо маселелерин координациялайт.»;
- он биринчи-он алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- талдоо жана стратегиялык пландоо тобунун;
- экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн;
- укуктук экспертиза бөлүмүнүн;
- санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун ишин координациялайт.»;
3) 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары өкмөттүн Аппаратынын төмөнкү маселелер боюнча ишин координациялайт:
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жана пенсиялык камсыздоо, маданият, илим, спорт, эмгек жана миграция, интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдерди коргоо; жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча ишти координациялоо; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин аткарылышын контролдоону камсыздоо, ошондой эле санитардык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө;
- отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана минералдык ресурстар, өнөр жай;
- агроөнөр жай комплексин жана жаратылышты пайдаланууну өнөктүрүү, жер реформасы, суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдеги материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана пайдалануу, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө;
- транспорт жана коммуникациялар, курулуш жана архитектура, турак жай-коммуналдык чарба, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө;
- маалыматтык саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү;
- иш-кагаздарын жүргүзүү, чечимдерди аткарууну контролдоо. Аткаруу бийлигинин органдарынын жарандардын кайрылуулары
маселелери боюнча ишин координациялайт жана мониторинг жүргүзөт. Өкмөттүн жыйындарын жана Премьер-министрдин катышуусундагы кеңешмелерди өткөрүүнү ую штуруучулук-методикалык жана протоколдук камсыздоо боюнча чараларды керет. Төмөнкүлөр боюнча иштерди координациялайт:
- өкмөттүн маалыматтык ресурстарды түзүүсүн жана колдоосун, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү жана «электрондук өкмөттү» аткаруу бийлик органдары тарабынан иштеп чыгуусун жана ишке киргизүүсүн;
- өкмөттүн Регламентинин, өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө регламентинин талаптарынын аткарылышын, өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Премьер-министрдин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларды жана документтерди даярдоодо жана тариздөөдө стандарттардын сакталышын контролдоо.
Тейлеген чөйрөлөрдө аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, мониторинг, талдоо жүргүзөт жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тейлеген чөйрөлөрдө аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аткарылышын координациялайт, мониторинг жана талдоо жүргүзөт. Тейлеген чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стратегияларды жана программаларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Премьер-министрге аналитикалык жана маалымдама материалдарын даярдайт. өкмөттүн Аппаратынын ишин финансы-чарбалык жактан камсыздоо маселелерин тейлейт. Өкмөттүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт. Тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш пландарын жана отчетторун карайт жана бекитет. өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт:
- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн;
- афроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн;
- курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн;
- социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн;
- билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн;
- маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн;
- Өкмөттүн Аппаратынын канцеляриясынын».
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр
Б.А.Аманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда…Распоряжение · 01.03.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын…Распоряжение · 19.09.2019 · № 169 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда…Распоряжение · 01.03.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын…Распоряжение · 19.09.2019 · № 169 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон