Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Руководителя Аппарата Правительства министра КР от 1 марта 2021 года № 19 "Об утверждении распределении обязанностей между Руководителем Аппарата Правительства - министром Кыргызской Республики и его заместителями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-11-18.
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР БУЙРУК 2020-жылдын 18-ноябры № 124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 23-пунктуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
1) 1-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр) жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер) ишин уюштуруучулук, аналитикалык жана маалыматтык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) ишин жалпы жетектейт жана контролдойт, ошондой эле Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын иштерин координациялайт. Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмүн чыңдоо чараларын ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, аткаруу бийлигинин органдарынын жана алардын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Өлкөдөгү кырдаалды, аймактардын экономикалык жана социалдык абалын, тескеген чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегияларды, программаларды жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууну баалоо боюнча мониторинг жүргүзүү, аналитикалык жана маалыматтык иш боюнча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын тышкы саясатты ишке ашыруу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын финансы жана кредит саясатын жүргүзүү, салыктарды жана бажы төлөмдөрүн башкаруу, финансы рыногун өнүктүрүү, мамлекеттик сатып алуулар, республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын коргонуу жөндөмү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, укуктук тартипти камсыздоо, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, экономикалык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө, жазаларды аткарууну камсыздоо, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча ишин координациялайт. Өкмөттүн, Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөр менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт. Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү, чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыздоо маселелери боюнча ишин координациялайт. Аткаруу бийлигинин органдарынын жарандардын кайрылуулары маселелери боюнча ишин координациялайт жана мониторинг жүргүзөт. Өкмөттүн жыйындарын жана Премьер-министрдин катышуусундагы кеңешмелерди өткөрүүнү уюштуруучулук-методикалык жана протоколдук камсыздоо боюнча чараларды көрөт. Төмөнкүлөр боюнча иштерди координациялайт:
- Өкмөттүн маалыматтык ресурстарын түзүү жана талаптагыдай абалда сактоо боюнча, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү жана "электрондук өкмөттү" иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин;
- Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Премьер-министрдин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларды жана документтерди даярдоонун жана тариздөөнүн стандарттарын сактоо менен Өкмөттүн Регламентинин, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарынын аткарылышын контролдоо.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тескеген чөйрөлөрдөгү аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аткарылышын координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана талдайт. Аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына анын компетенциясына кирген маселелер боюнча өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тапшырма берет. Премьер-министрдин номенклатурасына кирген Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тууралуу Премьер-министрге сунуштарды киргизет. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин номенклатурасына кирген Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт жана аларга карата тартиптик жазаларды колдонот, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн Өкмөттүн Аппаратынын ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурат. Өкмөттүн Аппаратынын ишине таандык болгон маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте Премьер-министрге бекитүүгө киргизет. Премьер-министрге Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы боюнча сунуштарды киргизет. Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүдө мамлекеттик протоколдун сакталышы боюнча чараларды көрөт. Жашыруун режимди сактоо, мамлекеттик сырды түзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу маалыматтарды коргоо боюнча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт. Өкмөттүн Аппаратынын бюджети боюнча сунуштарды түзөт жана белгиленген тартипте киргизет. Өкмөттүн Аппаратынын ишин финансы-чарбалык жактан камсыздоо маселелерин тескейт. Өкмөттүн Аппаратынын чыгымдар сметасынын чегинде финансылык каражаттарды тескейт. Өкмөттүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт. Тескеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш пландарын жана отчетторун карайт жана бекитет. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялайт:
- финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн;
- эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн;
- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн;
- адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн;
- маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн;
- Өкмөттүн Аппаратынын канцеляриясынын.".
2) 5-главасынын алтынчы - он экинчи, он алтынчы, он жетинчи, жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
Б.А.Аманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда…Распоряжение · 01.03.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын…Распоряжение · 19.09.2019 · № 169 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси - министринин 2021-жылдын 1-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын ортосунда…Распоряжение · 01.03.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 169 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жана анын орун басарларынын…Распоряжение · 19.09.2019 · № 169 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.