1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 14.06.2024 редакциясы
Атмосфералык аба (атмосфера) - ар кандай газдардын, суу бууларынын жана чаңдардын аралашмасынан турган жердин газ сымал кыртышы. Зыяндуу табыгый таасир - айлана-чөйрөнү (анын компоненттерин), айрыкча жылуулук, акустикалык, электромагниттик, дагы башка нурланууларды өзүнө камтыган атмосфералык абаны булгоочу негизги формалардын бири. Булгоочу заттардын чыгаруулары - булгоочу булактардан булганган заттардын атмосфералык абага чыгарылышы. Атмосферанын булганышы-чарбалык же башка иштердин адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык баалуулуктарга коркунуч туудурушунун натыйжасында атмосфералык абанын сапатынын өзгөрүшү; Булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар. Атмосфераны булгоо булагы-атмосферага булгоочу заттарды жайуучу объект. Атмосферанын сапаты-адамга, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө, жалпы эле айлана-чөйрөгө ар кандай күчтөр жана биологиялык факторлор аркылуу таасир этүү даражасын аныктоочу атмосфера параметрлеринин туундусу. Атмосферанын булганышына контроль-атмосфераны булгоочу заттардын белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерүү. Мониторинг-атмосфералык абанын параметрлерине байкоо жүргүзүү, алардын абалына баа берүү жана боло турган өзгөрүштөрдү алдын ала божомолдоо. Абанын сапатын ченемге салуу-абанын табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө жол берилүүчү чектерди белгилөө. Парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар. Салыштырмалуу уулуу химиялык зат-өндүрүштө колдонуу, ташуу, ошондой эле тиричиликте пайдалануу шарттарында адамдын ден соолугуна жана чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизүүчү зат. Атмосферадагы жол берүүчү чектелген кошундулардын аралашмасы (АЖКА)-мезгили менен таасир берүүчү адамга жана аны айлана-чөйрөгө же ал жашап турган мезгилде зыяндуу таасир бербеген ар кандай кошундулардын эң ири аралашмасы. Жол берүүчү чектелген чыгаруулар (ЖЧЧ)-абанын жер бетине жакынкы катмарындагы булгоочу булактан же алардын кошундусунан чыккан заттардын тутуму же адам, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү керектөөчү абанын сапатынын чектелген ченемдеринен ашпаган шарттарга ылайыкталган ченем. Жол берилүүчү чектелген деңгээл (ЖЧД)-мезгил-мезгили менен же өмүр бою адамга таасир этсе да, ага жана жалпы эле айлана-чөйрөгө зыяны жок таасирлер. Атмосфералык абаны атайын пайдалануу-өндүрүш муктаждыктары үчүн жаратылыш ресурстарын, айрыкча атмосфералык абаны пайдалануунун бир түрү. Булгануу деңгээли-абадагы белгилүү бир нокоттогу же зонадагы булгоочу заттардын аралашмасы, системалуу түрдө өлчөө жүргүзүү, белгилүү чен өлчөмдөр (фондук булгануу, адамдын ден-соолугуна жана (же) айлана-чөйрөгө таасир этүүгө жол берилген концентрация) менен анализ жасоо аркылуу чектелип көрсөтүлөт. Абанын сапатынын индекси - булгоочу заттардын белгилүү бир жердеги концентрациясы жана аны менен байланышкан ден соолук үчүн тобокелдиктер, коомчулукка маалымат берүү жана мындай тобокелдиктерди төмөндөтүү чараларын көрүү үчүн пайдаланылат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 37, 2024-жылдын 14-июнундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июня 2024 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2013 года № 37 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха" "Редакцияларды салыштыруу
14.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…концентрация) менен анализ жасоо аркылуу чектелип көрсөтүлөт.
кошулду: Абанын сапатынын индекси - булгоочу заттардын белгилүү бир жердеги концентрациясы жана аны менен байланышкан ден соолук үчүн тобокелдиктер, коомчулукка маалымат берүү жана мындай тобокелдиктерди төмөндөтүү чараларын көрүү үчүн пайдаланылат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № алынып салынды: 37 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 37, 2024-жылдын 14-июнундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по уголовным делам о преступлениях против экологической безопасности и природной среды рассмотренным судами в период с 2022 года по 1 полугодие 2024…Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 28.01.2025
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 14.06.2024 · № 99
- Обобщение судебной практики по уголовным делам о преступлениях против экологической безопасности и природной среды рассмотренным судами в период с 2022 года по 1 полугодие 2024…Обзор судебной практики · 28.01.2025
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 663 "Атмосфералык абаны коргоо жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 24.11.2014 · № 663 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 112 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.03.2015 · № 112 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №447 "«Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»…Постановление · 27.06.2012 · № 447 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 399 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 22.06.2017 · № 399 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2002 года №413 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного…Постановление · 28.06.2002 · № 413 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 314 ""Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 24.05.2012 · № 314 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/216/st-1" title="1-статья - Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>