Кыргыз Республикасынын «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 14-июну № 99 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Абанын сапатынын индекси - булгоочу заттардын белгилүү бир жердеги концентрациясы жана аны менен байланышкан ден соолук үчүн тобокелдиктер, коомчулукка маалымат берүү жана мындай тобокелдиктерди төмөндөтүү чараларын көрүү үчүн пайдаланылат.";
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- абанын сапатынын индекси белгиленет жана коомчулукка маалымдоо жүргүзүлөт.";
3) 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Атмосфералык абадагы булгоочу заттардын концентрациясы жана аны менен байланышкан ден соолук үчүн тобокелдиктер абанын сапатынын индексин аныктайт.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 8-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
Шилтеме берет (1)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51