Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Атмосфералык абаны коргоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 24-ноябры № 663 «Атмосфералык абаны коргоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоору» кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий ѳкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Атмосфералык абаны коргоо женүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизγγ тууралуу
1-берене «Атмосфералык абаны коргоо жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 1999-ж., № 11), 450-бер.) төмөнкүдѳй толуктоо киргизилсин:
1. Тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 401-берене менен толукталсын:
«401 -берене. Озонду бузуучу заттар менен иштѳѳнү мсмлекеттик эсепке алуу жана контролдоо
1. Оэонду бузуучу заттар менен иштѳѳнγ мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды ѳндγрγγнγн жана керектѳѳнүн жол берилген кѳлѳмүн белгилѳө, ошондой эле озон катмарын коргоо жана бузулушунун алдын алуу, адамдын ѳмүрүн жана айлана-чѳйрѳнγ озон катмарынын бузулушунан келип чыккан жагымсыз кесепеттерден коргоо γчγн аны калыбына келтирγγ максатында ишке ашырылат.
2. Озонду бузуучу заттар менен иштѳөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасына ташылып кирген жана Кыргыз Республикасынан ташылыл чыккан озонду бузуучу заттардын бажы статнстикасынын маалыматтарынын жана озонду бузуучу заттар менен иштѳѳ маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун негизинде жγзѳгѳ ашырылат.
3. Озонду бузуучу заттар менен иштѳѳнү мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан белгиленет.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жѳнγндѳ келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим кγчγнѳ кирген кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ѳзγнγн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4511-V "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.11.2014 · № 4511-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4553-V "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.12.2014 · № 4553-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4535-V "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.12.2014 · № 4535-V
Шилтеме берет (3)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон