1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115
Ушул Мыйзамда конструкциясы боюнча кол салууга же болбосо активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар курал деп түшүнүлөт:
1) ок атуучу курал - конструкциясы боюнча дары же башка жарылуучу заттар бөлүнгөндө пайда болуучу газдын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келип, атылып чыгуучу элемент менен бутаны аралыктан механикалык кыйратууга арналган курал;
2) атылбоочу курал - түздөн-түз контакт болгондо адамдын каруу күчүн пайдалануу аркылуу же болбосо адамдын каруу күчүнүн же механикалык түзүлүштүн эсебинен багыттуу кыймылга келген аралыктан ыргытылуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
3) пневматикалык курал - кысылган газ түрүндөгү заттын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген атылып чыгуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
4) газ куралы - жаш агызуучу жана ачыштырып-кычыштыруучу заттарды колдонуу аркылуу бутаны кыйратуу үчүн арналган курал. Колдонууга уруксат берилген ачыштырып-кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
5) ок-дарылар - атылуучу элемент менен бутанын түздөн-түз кыйрашына жана конструкциясы боюнча тиешелүү куралдын түрүнөн атуу үчүн ылайыкталган бир жолу колдонулуучу түзүлүштөр;
6) курал жүгүртүү - курал чыгаруу, сатуу, берүү, сатып алуу, оңдоо, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, коллекциялоо, экспонат кылуу, алып коюу жана жок кылуу, экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле куралдын сейрек нускаларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү;
7) курал чыгаруу - куралды изилдөө, иштеп чыгуу, сыноо, даярдоо, ошондой эле көркөм жасалгалоо жана оңдоо, ок-дарыларды, патрондорду жасап чыгаруу;
8) кыйратуу күчү чектелген ок атуучу курал - дарынын же башка дүрмөттүн энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген, травматикалык таасир этүүчү патрондун атылуучу шайманы менен аралыктан тирүү бутаны механикалык кыйратуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган кыска найлуу курал жана найсыз курал;
9) патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, куралдан атуу үчүн арналган түзүлүш;
10) травматикалык таасир этүүчү патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, ок атуучу сайсыз куралдан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
11) газ менен таасир этүүчү патрон - жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган аракетке келтирүү каражаттарын гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, газ куралынан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
12) жарык-үн чыгаруучу патрон - ок атуучу куралдан, кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан, газ же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын жана жарык-үн таасиринин шайманын бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
13) белги берүүчү патрон - ок атуучу куралдан же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, жарык, түтүн же үн белгисин берүү үчүн гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
14) эзелки (антиквардык) курал - жасалган учурунан тартып 100 жыл өткөн ок атуучу жана пневматикалык курал, ошондой эле жасалган учурунан тартып 50 жыл өткөн атылбоочу курал;
15) илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде аталган категорияга киргизилген куралдын сейрек кездешүүчү нускалары;
16) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөсү - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын так же масштабдуу чагылдыруу шартында эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы же чиймеси боюнча жасалган, антиквардык же башка түрдөгү куралдын түп нуска бөлүктөрүн камтыбаган курал;
17) эзелки (аитиквардык) куралдын репликасы - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын чыгармачылык менен өзгөртүп, эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы, чиймеси же сүрөттөмөсү боюнча жасалган, көркөм чыгармачылыктын жана декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүсү катарында маданий баалуулукту элестеткен курал;
18) эсептен чыгарылган курал - андан атуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган өзгөртүүлөр киргизилген жана жарык-үн чыгаруучу патрон (оксуз курал) менен андан атууну имитациялоо мүмкүндүгү бар же андан атууну имитациялоо мүмкүндүгүсүз (окуу куралы) маданий жана билим берүү иштерин жүргүзүүдө колдонууга же куралдын бөлүктөрүнүн жана механизмдеринин өз ара аракеттенүү процессин окутууга (куралма курал) арналган ок атуучу курал;
19) оксуз патрондор - гильзасында тешиги бар, учуучу дүрмөтү алып салынган жана аракетке келтирүү каражаты пайдаланылган ок атуучу куралдын патрондору;
20) ок атуучу куралдын негизги бөлүктөрү - най, затвор, барабан, рамка, най кутусу;
21) уруучу механизм - куралдын патронду иштетүүчү каражатын аракетке келтирүүчү механизми;
22) уруучу механизмдин ургучу - патронду аракетке келтирүүчү каражатка сокку берген уруучу механизмдин тетиги.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 146 "Газ куралына патрондордун, механикалык чачыраткычтардын, өзүн-өзү коргоочу жарандык куралдардын…Постановление · 22.03.2022 · № 146
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 35 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.06.2021 · № 35
- Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 15.10.2025 · № 215
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 7-августундагы №507 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.08.2009 · № 507
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-августундагы №507 ""Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 07.08.2009 · № 507 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №776 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"…Постановление · 18.12.2009 · № 776 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 272 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2014 · № 272 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-январындагы № 9 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.01.2019 · № 9 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 49 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"…Постановление · 03.02.2020 · № 49 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 4-мартындагы № 98 "Куралдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 04.03.2015 · № 98 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2002 года №429 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Постановление · 28.06.2002 · № 429 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2001 года N 656 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Постановление · 17.10.2001 · № 656 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/214/st-1" title="1-статья - Курал жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>