Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-январы № 9 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензияны жана уруксатты берүү тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.";
2) 14-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 15-статьяда:
а) экинчи бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) онунчу бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) он биринчи бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамдын 11-статьясындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 17-статьянын бешинчи бөлүгүндө:
"лицензиялар" деген сөз "уруксаттар" деген сөз менен алмаштырылсын; "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-статья менен толукталсын:
"29-1-статья. Куралды жана патрондорду өз ыктыяры менен тапшыруу Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды жана патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшыра алышат. Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана патрондорду өз эрки менен берүүсүн же алардын жайгашкан жери тууралуу ички иштер органдарына билдирүүсүн түшүнүү керек. Адамды кармоо учурунда, ошондой эле куралды жана патрондорду табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу алар ыктыярдуу түрдө тапшырылды деп эсептелбейт. Куралды жана патрондорду ыктыярдуу түрдө тапшыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-февралындагы № 2899-VI "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 13.02.2019 · № 2899-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 28-февралындагы № 2935-VI "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 28.02.2019 · № 2935-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-мартындагы № 2965-VI "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 20.03.2019 · № 2965-VI
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон