КР Өкмөтүнүн «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 776 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 11, 448-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-берененин бешинчи бөлүгүндөгү "Колдонууга уруксат берилген жаш агызуучу жана кычыштыруучу заттардын аты саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат" деген сөздөр "Колдонууга уруксат берилген жаш агызуучу жана кычыштыруучу заттардын тизмеси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-беренеде:
экинчи бөлүктүн 1-пунктунун үчүнчү абзацында "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдерине ылайык" деген сөздөр алып салынсын; 1-пунктунун төртүнчү абзацында "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 8-беренеде: тогузунчу абзацында "тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен колдонууга макулдашылбаган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тыюу салынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын криминалисттик талаптарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген талаптарга" деген сөздөргө алмаштырылсын, ", Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик органы менен макулдашылган" деген сөздөр алынып салынсын;
- 10-беренеде:
экинчи бөлүгүндөгү "же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары менен биргелешип" деген сөздөр "тарабынан" деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 14-берененин экинчи жана бешинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-беренеде:
он экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он үчүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары менен макулдашылган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он бешинчи бөлүгүндөгү "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-берененин алтынчы бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон