КР Министрлер Кабинетинин «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 21-июну № 35 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, И.А.Пирматов, Ж.К.Акаев демилгелеген "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага
У.А. Марипов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 35 токтому менен жактырылган
"Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, И.А.Пирматов, Ж.К.Акаев демилгелеген "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталган Мыйзам долбоорунда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте чек ара ыйгарым укуктууларына зарыл болгон учурларда аскердик куралдар жана атайын каражаттар берилерин белгилөө сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары кара күчтү колдонууга, атайын каражаттарды, табелдик куралды жана штаттык күжүрмөн техниканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сактоого жана колдонууга укуктуу. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген жана өз иштерин эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырган мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамдары чек ара ыйгарым укуктууларына кирет. Чек ара ыйгарым укуктуулары Мамлекеттик чек араны (барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон участокторунда) ыкчам коргоо жана чек арачыларга Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык курал деп кол салууга болбосо активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн иштиктүү колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар түшүнүлөт. Ушуга байланыштуу чек ара ыйгарым укуктууларына (жарандык персоналга) аскердик куралды берүү белгилүү бир тобокелдиктерге жана түзөтүшү мүмкүн болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгондуктан, чек ара ыйгарым укуктууларына аскердик куралды жана атайын каражаттарды берүү зарылдыгына, анын ичинде мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле негиздеме-маалымкатта тиешелүү маалыматты көрсөтүүнү максаттуу деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацындагы ченемдин сунушталган туюндурмасы жалпыланган болуп саналарына жана баа берүү мүнөзүндө экендигине жана ушундан улам тийиштүү субъекттерге тигил же бул кырдаалды өз ыктыяры менен түшүндүрүү боюнча дискрециялык ыйгарым укуктарды берерине көңүл бурабыз. Ушуга байланыштуу чек ара ыйгарым укуктууларынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонушун кошуп алганда, "зарыл учурлар" болуп саналган учурлардын толук тизмесин көрсөтүүнү сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунда чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүнө жана саламаттыгына Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары менен бирдей эле кепилдик берүү сунушталат.
Ошол эле учурда аскер кызматчыларынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Аталган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын жана окууга жана атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну жүргүзүү шарттары жана тартиби аныкталат. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда "социалдык камсыздандыруу" деген сөздөрдү "өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу" деген сөздөр менен алмаштырууну, ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү кароону сунуштайбыз. Ошол эле учурда чек ара ыйгарым укуктууларын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу бөлүгүндө мыйзам долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу камсыздандыруу суммаларын төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылат, анткени чек ара ыйгарым укуктуулары Мамлекеттик чек араны кайтарууга жана күжүрмөн куралды алып жүрүү жана колдонуу боюнча жыйындарды жана окууларды өткөрүүгө байланышкан кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алган жана жарадар болгон учурда аларды социалдык камсыздандырууга Кыргыч Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бюджетинде каражаттар каралган эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Ошону менен бирге мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келбейт деп белгиленген, ошондой эле каржылоо булагы көрсөтүлбөгөн жана финансылык-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 'Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүн көңүлгө алуу менен мыйзам долбоорундагы "Өкмөтү" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштыруу зарыл.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин Мыйзамдын күчүнө киришин белгилөө каралган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгон учурларда ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра карап чыгууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалыматтарды мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдыруу зарыл. Мыйзамдын жана мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук вакуумду жоюу максатында бир эле убакта анын күчүнө кирүү мөөнөтүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын талдоонун жыйынтыгы боюнча ушул мыйзам долбоорун кабыл алууга байланыштуу кайра карап чыгууга тийиш болгон чечими аныкталбаган учурда мыйзам долбоорунун 2-беренесинин тиешелүү пунктун алып салуу зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттуулордун жана аларга тенештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик…Закон · 21.08.2004 · № 163
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөЗакон · 03.03.2015 · № 45 · Күчүн жоготкон