Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (. 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 25-январы № 18-б «Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2012-жылы өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чараларды тартипке келтирүү максатында:
1. 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Тизмеге ылайык юбилейлик-иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Тиркеме
2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын
тизмеси
№
Иш-чаралар
Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдар
Ченемдик документтер
Каржылоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптуу бөлүмдөрү
Эскертүү
1. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар
1.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун алынышынын 20 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 300 000 сом
Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-июнундагы № 270 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө» Жарлыгына ылайык
2
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин алынышынын 20 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 300 000 сом
Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Мыйзамына ылайык
3.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 350 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси боюнча
4.
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын 70 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 400 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча
2. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар
1.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 500 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-У «Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө» токтому
2.
Генерал-лейтенант Ысакбек Монуевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 300 000 сом
Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 7-декабрындагы № 1394-V «Генерал Ы.Монуевдин 110 жылдык юбилейин жана элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому
3.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаманкул Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 200 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү. маданият, маалымат жана диний саясат комитетинин 2011-жылдын 31-октябрындагы № К-2656 чечимине ылайык
4.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 200 000 сом
Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
5.
Белгилүү комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 300 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча
6.
Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 500 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча
7.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 200 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын демилгеси боюнча
8.
Генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 200 000 сом
Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин демилгеси боюнча
9.
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы, А.Осмонов атындагы сыйлыктардын лауреаты Байдылда Сарногоевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет 200 000 сом
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча
10
Кыргыз Республикасынын эл акыны, драматург, Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүн жазган эки автордун бири Жалил Садыковдун туулган күнүнүн 80 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен
Социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча
11
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Республикалык бюджет
Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 344-б (Ж.Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү…Распоряжение · 13.07.2012 · № 344-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б (Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.12.2012 · № 569-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 498-б (Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү…Распоряжение · 12.10.2012 · № 498-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 159-б (Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана…Распоряжение · 30.04.2012 · № 159-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 260-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.06.2012 · № 260-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 303-б (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүшү…Распоряжение · 27.06.2012 · № 303-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 173-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.05.2012 · № 173-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 257-б (Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.06.2012 · № 257-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2009-жылдын 10-июну ПЖ № 270 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.06.2009 · № 270
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-V "Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2011 · № 907-V
- Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндөЗакон · 11.06.2007 · № 82 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91