Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 30-апрели № 159-б Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо (Токтомамбет) Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Жунусов И.К.
-
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Алагушев Б.А.
-
Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Асанакунов М.А.
-
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жакиев Б.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Керексизов Т.Ж.
-
коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Карамолдоева Ж.
-
Карамолдо Орозовдун кызы (макулдашуу боюнча);
Омүркулов И.Ш.
-
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев К.О.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Оторбаев К.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Осмонов К.А.
-
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
Султанбаева А.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маданият, туризм жана спорт секторунун эксперти;
Үсөнбаев М.А.
-
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Чокиев Т.А.
-
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Чорчоев Т.
-
коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаранын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараны өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-январындагы № 18-б (. 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмесин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.01.2012 · № 18-р