Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 907-V
Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө
2012-жылдын 14-майында кесипкөй кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири, залкар жазуучу, академик, коомдук ишмер, ойчул Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнө 100 жыл толот. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Т.Сыдыкбековдун кыргыз улуттук адабияты менен маданиятын өнүктүрүүдөгү, улуттун санатын сактап калуудагы зор эмгегин, ошондой эле эл жана мамлекет алдындагы өзгөчө сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;
мааракелик иш-чаралардын алкагында төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырсын:
- жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын жана "Көк асаба" тарыхый романын кыргыз жана орус тилдеринде бастырып чыгарууну;
- Бишкек шаарында мемориалдык үй-музейин түзүүнү;
- жазуучу жашаган үйдө мемориалдык-такта орнотууну;
- Бишкек шаарында жазуучунун эстелигин тургузууну;
- анын ысмын Бишкек шаарынын жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чуй, Ысык-Көл областтарынын администрациялык борборлорунун көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну;
- жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган даректүү фильм тартууну.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана, диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-январындагы № 18-б (. 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмесин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.01.2012 · № 18-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы № 75-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.03.2012 · № 75-р