Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 3 декабря 2012 года № 569-р (Об образовании организационного комитета по подготовке и проведению юбилейных мероприятий)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-12-03.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-июну № 257-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругун ишке ашыруу жана мамлекеттик жана жалпы улуттук иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү максатында:
1. Мамлекеттик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) түзүлсүн.
2. Мамлекеттик комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. - Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары; Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары; Муратов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы; Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Өмүралиев Т.Б. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор ага мамлекеттик жана жалпы улуттук иш-чаралардын планын, сценарийин, иш графигин, сарптоолор сметасын даярдоо жана Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизүү функцияларын тапшыруу менен Мамлекеттик комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-январындагы № 18-б (. 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмесин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.01.2012 · № 18-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б (Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.12.2012 · № 569-р