Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 16-августу № 330-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3-б, 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибинин 2-пунктуна ылайык:
1. Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссия өз ишинде "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (арча, жаңгак) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алаары белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна тиркеме
Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3-б, 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Жумаев Н.К
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Карыбеков Т.А.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары;
Акматов Б.Ш
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча оперкызматкери;
Артыкбаев Р.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;
Осмоналиев Ж.О.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн сектор башчысы;
Садыбакасов А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Чолоев А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын хронометраждык иликтөөлөрдү контролдоо жана рейддик контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
Эрмеков Б.З.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын начальниги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.07.2015 · № 306-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 09.01.2014 · № 3-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2013 · № 183
- Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу…Закон · 12.02.2007 · № 15
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.